Түптө айылдаштарын сүзүп качкан айдоочу кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 04.03.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Михайловка айылында Volkswagen Golf III автоунаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталды, деп билдирет Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын (ЖКККББ) маалымат кызматы.

Окуя 2-мартта болжол менен кечки саат 19:30да болгон. Кырсыктан 66 жана 17 жаштагы эне-бала жабыркаган.

Аталган факт боюнча ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө окуяга шектүү делип ошол эле айылдын 66 жаштагы С.В. аттуу жашоочусу кармалган.

Учурда окуя боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий