• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Түптө мыйзамсыз балык уулап, дарактарды кыйгандыгы үчүн токой кызматкери кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.02.23. /Кабар/. Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулоо жана бак-дарактарды кыюу фактысы боюнча Түп райондук токойчулугунун кызматкери кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-февралда Түп районунун Кудургу айылында көл жээгинен мыйзамсыз балык уулап жаткан жеринен эки жергиликтүү тургун кармалган. Алар ошол эле айылдын 33 жаштагы А.А. жана 36 жаштагы Б.Ж. аттуу тургундары болуп чыкты. Кармалгандардан далил зат катары бир моторлуу сууда жүрүүчү кайык, узундугу 750 метрди түзгөн 15 даана синтетикалык балык уулоочу тор жана 2 балык алынган.

Аталган эки жаран сыртка чыкпоо тил катынын негизинде кое берилген.

Эртеси, 7-февралда 33 жаштагы А.А. Кудургу айылына жакын жердеги №5 участкада 37 түп ак кайыңды мыйзамсыз кыйгандыгы үчүн кайрадан кармалган. Ал Түп райондук токойчулугунун кызматкери экени аныкталган.

Аталган факт дагы Түп райондук милициясынын маалыматтарды каттоо электрондук журналында катталды. Эки факт боюнча райондук милициянын тергөө кызматы тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий