• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Түптөн Бишкекке баңгизат ташууга аракет кылган жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.09.22. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Түп районунан Бишкекке баңгизат ташууга аракет кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-августта Түп райондук баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына белгисиз жаран Бишкекке унаа менен мыйзамсыз баңгизат алып өтөөрү жөнүндө ыкчам маалымат келип түшкөн.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо”) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында жогоруда аталган белгисиз адамдын өздүгү аныкталган. Ал Түп районунда Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаада шериги менен бирге сапар алып бара жаткан жерден токтотулуп, кармалган.

Алар Түп районуна караштуу Бирлик айылынын 49 жаштагы А.Т. жана Ш.Т. аттуу тургундары болуп чыкты. Унааны тинтүү жүргүзүүдө целлофанга оролгон жапайы кендирдин жыты бар зат салынган тогуз ширенкенин кутучасы табылып алынган. Тараза салмагын аныктаган учурда алынган баңгизат 0,170 граммды түзгөн.

Шектүүлөрдүн бири А.Т.нын жашаган дарегинде тинтүү жүргүзүлүп, үйүнүн короосунан баңгизат жыттанган зат салынган төрт даана ширенкенин кутучасы жана үйдүн ичинен 40 даана ширенкенин кутучасы алынган. Салмагы 0,945 граммды түзгөн. Ш.Т. сурак учурда табылган далил заттар ага тиешелүү экендигин толук мойнуна алган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында соттук-химиялык экспертизасы дайындалды.

Шаардык соттун чечими менен кылмышка шектүү жарандарга карата тергөө мезгилинде эки айга камака алуу түрүңдө баш коргоо чарасы тандалды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий