• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Түптүн эки айылында 100 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 04.09.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Михайловка жана Кең-Суу айылдарында 100 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Михайловка айылындагы бала бакчанын курулушу 2022-жылы башталып, республикалык бюджеттен каржыланды. Имарат эки кабаттуу 947 чарчы метрди түзөт.

Ал эми Кең-Суу айылындагы 100 орундуу бала бакчанын курулушу 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттен каржыланган. Объекттин жалпы аянты 946 чарчы метрди түзөт.

Пикир

Оставить комментарий