Түптө сел жүрдү

Аймак 0

Бишкек, 23.06.24. /Кабар/. Түптө сел жүрдү. Бул Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 22-июнда саат 15:40 чамасында нөөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ысык-Көл облусунун Түп районунун Токтоян айылындагы кокту-колоттордон түшкөн сел суулары арыктан ашып, 11 үйдүн короосун суу каптаган.

Жерине ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынан жана Түп райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, райондук Жарандык коргонуу кызматтары тартылган.

Суу өтүүчү арыктарды кеңейтүүгө 2 экскаватор, 1 жүктөгүчтүн тартылып, 200метр аралыгы тазаланды,

Ал эми сел сууларынын кесепеттерин жоюуда 2 мотопомпа 20 куткаруучу, Жарандык коргонуу кызматынан 21 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 50 адам иш алып барып, сел суулары кирген 3 үйдүн жер төлөөсү толугу менен тазаланып бүткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий