Төрөбаев Австриянын экономика жана эмгек федералдык министри Мартин Кохер менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 11.06.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Австриянын экономика жана эмгек федералдык министри Мартин Кохер менен жолугушту.

Жолугушуу Австриянын Вена шаарында өткөн Эл аралык энергетикалык инвестициялык форумдун алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тарапты кызыктырган бардык маселелер боюнча кеңири баарлашты. Тараптар экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-австриялык өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында ишти улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары энергетикалык инвестициялык эл аралык форумдун жыйынтыктарына токтолуп, форумду уюштурууга көрсөткөн жардамы үчүн австриялык тарапка ыраазычылык билдирди.

Ал ошондой эле артыкчылыктуу багыттар боюнча потенциалды жогорулатуу зарылдыгын белгилеп, өзгөчө жашыл энергетика, энергиянын кайра жаралуучу булактары жана бизнес жаатындагы өз ара аракеттенүүнү белгиледи.

Белгилей кетсек, ошондой эле жолугушууга Австриянын бизнес тармагынын өкүлдөрү да катышып, эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда түздөн түз байланыштарды түзүү маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий