• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Төрөбаев “Бедел” көзөмөл-өткөрүү пунктун ачууга даярдыктардын жүрүшү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Өкмөт 0

Бишкек, 03.08.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Элдик өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Сунь Хунмэй кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы жаңы “Бедел” көзөмөл өткөрүү пунктунун ачылышына даярдык көрүү боюнча жыйын өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар “Бедел” көзөмөл өткөрүү пунктунун жана “Барскоон – Үчтурфан – Аксуу” багыты боюнча унаа жолдун курулушунун оң динамикасын белгилешти.

Ошондой эле жолугушуунун алкагында тараптар биргелешип курулуп жаткан инфраструктуралык объекттерди көрүп чыгышты.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын май айында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жаңы “Бедел” көзөмөл-өткөрүү пунктун ачуу боюнча макулдашууга жетишилген.

“Бедел” көзөмөл өткөрүү пункту жакын арада ачылаары пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий