• 84.36
  • 92.94
  • 0.92

Төрөбаев БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун жаңы өкүлү менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 23.08.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Кыргызстандагы жаңы дайындалган өкүлү Олег Гучгельдиев менен жолукту.

Анда тараптар Кыргызстан менен БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелерине токтолуп, өзгөчө азык-түлүк коопсуздугу жана айыл чарба тармагына инновациялык ыкмаларды киргизүүгө багытталган долбоорлорду сапаттуу ишке ашыруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өлкөдө сугат суу маселесин жөнгө салуу үчүн декадалык жана суткалык жөнгө салуучу бассейндерди (БДР, БСР) курууда, фермерлер менен кооперативдерди бириктирүү аркылуу экспорттун көлөмүн жана сапатын жогорулатууда, айыл чарба тармагында тажрыйба алмашуу, санариптештирүү, ошондой эле өзгөчө азык-түзүк коопсуздугун аймактык деңгээлде коргоонун маанилүүлүгүн белгилеп, бул багыттарда БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмун тыгыз кызматташууга чакырды.

Өз кезегинде Олег Гучгельдиев, Кыргызстан менен Уюмдун ортосунда буга чейин жетишилген эки тараптуу долбоорлордун ишке ашырылышына аракетин жумшаарын жана киргизилген жаңы сунуштарды Уюмдун башкы жетекчилигине жеткирээрин билдирип, айыл чарба тармагында бардык иштерди өз убагында аткарууга кызыкдар жана даяр экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, 1945-жылы түзүлгөн БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмуна Кыргызстан 1993-жылдан тартып мүчө болгон, андан бери бир катар долбоорлор ишке ашырылды. Учурда уюмдун Кыргызстандагы кеңсеси 10 улуттук долбоорду ишке ашырууда, ошондой эле, глобалдык, аймактык жана субрегионалдык долбоорлорду ишке ашырууну колдоп келет

Пикир

Оставить комментарий