Төрөбаев кытай тарап менен бирге "Бедел" өткөрүү жайын ачууга даярдык иштери менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 30.06.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Аксу шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек арасындагы жаңы “Бедел” көзөмөл өткөрүү жайынын, “Барскоон-Учтурфан-Аксу” унаа жолунун айланасындагы маселелер тууралуу эки тараптын тиешелүү мамлекеттик кызматкерлеринин жана курулушчуларынын катышуусунда жеринде сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Анда Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун аймагында “Бедел” көзөмөл өткөрүү жайынын инфраструктурасын куруу боюнча биргелешкен техникалык маселелерди иштеп чыгуу жана уюштуруу талкууланды.

Ошондой эле “Бедел” көзөмөл өткөрүү жайына барчу Барскоон – Учтурфан – Аксу унаа жолунун жана унаа көпүрөсүнүн курулушу каралды.

Анда Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, буга чейин эки өлкөнүн жумушчу топторунун биргелешкен изилдөөлөрүнүн жүрүшүндө макулдашылган Барскоон – Учтурфан – Аксу унаа жолунун маршруту боюнча техникалык-экономикалык негиздеменин үстүндө иштеп жатканы маалым болду.

Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылы жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте убактылуу шарттарды түзүү менен өткөрүү жайынын расмий ачылышы жасалары пландалууда. Калган эл аралык стандарттарга ылайык, толук кандуу унаа жолу, бажы жана чек ара инфраструктурасын түзүү жакынкы жылдары эки тараптуу биргелешип ишке ашырылат.

Иштердин жүрүшү менен жеринде таанышкан Бакыт Төрөбаев биргелешкен иштердин аркасы менен жаңы “Бедел” өткөрүү жайы, келечекте эки тараптуу жана Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда эл аралык маанидеги маанилүү транспорттук-логистикалык коридор болуп, жүк жүгүртүүнү жана жүргүнчүлөрдү ташуу көлөмүн көбөйтүүнү камсыз кыла тургандыгына ишенерин билдирди.

Белгилей кетсек, КР президенти Садыр Жапаровдун 2023-жылдын майында Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Мамлекет башчысы менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин ортосунда эки тараптуу достуктун жаңы дарбазасы жана кызматташтыктын көпүрөсү болууга багытталган “Бедел” көзөмөл өткөрүү жайын ачуу боюнча макулдашууларга жетишилген.

Пикир

Оставить комментарий