Төрөбаев Кытайдын текстиль тармагындагы бир катар ишканаларына барды

Өкмөт 0

Бишкек, 28.06.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Аксу шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында текстиль тармагындагы бир катар компаниялардын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып, эки тараптуу кызыкчылык туудурган маселелер тууралуу сүйлөшүү жүргүздү.

Алгач “Huafu” текстиль компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышкан минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев компаниянын башкы директору Лу Ли менен жолукту.

Сүйлөшүүдө Бакыт Төрөбаев текстиль өнөр жайы боюнча компаниянын алдыңкы адистерин Кыргызстанга тажрыйба алмашуу үчүн жөнөтүүнү сунуштады. Ал адистер заманбап алдыңкы жабдыктарды тандоо, орнотуу, ишке киргизүү сыяктуу жалпы технология боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүүсү зарыл. Өз кезегинде компаниянын башкы директору Лу Ли Кыргызстан менен иштешүүгө кызыкдар экенин айтып, өз алдынча жыйын өткөргөндөн кийин, тажрыйбалуу адистер Кыргызстанга бараарын билдирди.

Андан соң Бакыт Төрөбаев “Jiatai” текстиль компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Анда ал Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында пахта өндүрүлөөрүн айтып, пахта буласын кайра иштетүүчү завод куруу сунушун киргизди.

“Эки мамлекетке тең пахта тармагы айыл тургундарынын социалдык жана экономикалык көйгөйлөрүн чечүүдө салым кошо турган натыйжалуу тармак болуп эсептелет. Ошол себептүү сиздердин компания пахтаны кайра иштетүү, тагыраагы жипке чейин же кездемеге чейин өндүргөн завод куруу мүмкүнчүлүгүн карап берсеңиздер, Кыргызстан пахта эгүү аянттарын дагы көбөйтөбүз”, - деди Бакыт Төрөбаев.

Ал эми “Jiatai” компания башкармалыгынын төрагасы Яо Руйпэн сунушту толук колдоорун, эгерде пахтанын чийки заты жетиштүү болуп, инфраструктура жакшы болсо, кайра иштетүү заводун курууга даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары Бакыт Төрөбаев “Youlian” текстиль компаниясынын башкы директору Чэн Шихуа менен жолукту, бул компания негизинен кездемелерди бое ишин жүргүзөт.

Анда тараптар кездемени Кыргызстанга чоң көлөмдө экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүгүн сүйлөштү.

Бул багытта Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда тигүү тармагы өнүккөнүн, бул боюнча 200 миң адам ишкерлик кылаарын, ошол себептүү кездеме ар дайым керек болоорун билдирди, буга байланыштуу тараптар ишкерлердин кездемени ортомчуларсыз түзмө-түз сатып алуу мүмкүнчүлүгүн уюштурууну карашты.

Пикир

Оставить комментарий