• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Төрөбаев: Мамлекет кол тийгис запасын өзү өндүргөн буудай менен толуктоого ниеттенүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 15.10.22 /Кабар/. Мамлекет кол тийгис запасын өзү өндүргөн буудай менен толуктоого ниеттенүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй облусунда өткөн көчмө жыйында билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн стратегиялык запасы катары өздүк дан азыктарын өстүрүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууга байланышкан актуалдуу маселелер талкууланды.

Бакыт Төрөбаев белгилегендей, эгерде мурда Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна буудай Россиядан сатып алынса, азыр абал өзгөрүшү керек.

"Пилоттук долбоордун алкагында импорттук буудайды сатып алууга бөлүнгөн каражаттарды өздүк потенциалды чыңдоого багыттоо пландаштырылууда. Дыйкандарга таптакыр жаңы структура сунушталууда, ага ылайык, дан импортунан көз карандылыкты жоюу иретинде азык-түлүк буудайынын керектүү көлөмүн өстүрүү милдети турат», - деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.

Ал белгилегендей, расмий маалыматтар боюнча Мамлекеттик материалдык резервдер фондун толтуруусу үчүн жыл сайын 100 миң тоннага жакын буудай импорттолот.

«Баалардын өсүшү жана геосаясий катаклизмдердин шартында импорттук буудайды сатып алууга бөлүнгөн каражаттарды кайра бөлүштүрүү зарылчылыгы келип чыкты. Мындай кадам реалдуу картинаны, анын ичинде мамлекет тарабынан берилген жеңилдетилген кредиттер канчалык деңгээлде сарамжалдуу пайдаланылып жатканын көрүүгө мүмкүндүк берет. Аймактарда 40 миң гектар айдоо аянты эксперименталдык негизде аныкталып, пилоттук долбоордо пайдаланылат. Өз кезегинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фонду дыйкандарды үрөн, жер семирткич жана керектүү көлөмдөгү күйүүчү май менен камсыз кылууга тийиш. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Айыл чарба министрлигинин адистери жана мамлекеттик банктардын кызматкерлери жер айдоодон баштап, пилоттук долбоордун алкагында өстүрүлгөн түшүмдү жыйноого чейинки бардык процессти көзөмөлдөйт», - деди ал.

Кийинки этаптын алкагында Айыл чарба министрлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясы менен биргеликте кылкандуу дан эгиндерин сатып алуу боюнча деталдуу талдоо жүргүзөт.

Белгилесек, айдоо аянттарын, ошондой эле бир катар башка айыл чарба айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аянттарын кеңейтүүнү эске алуу менен өздүк өндүрүүнүн негизинде Мамлекеттик материалдык резервди өлкөнүн азык-түлүк жана экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу системасына өткөрүү практикасы КР президентинин тапшырмасы боюнча жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий