• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Төрөбаев мамлекеттик органдарды санариптештирүү боюнча калкка маалымат берүүгө чакырды

Өкмөт 0

Бишкек, 25.12.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев санарип тармагынын жетекчилери менен үстүбүздөгү жылдын жыйынтыгын чыгарган жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Санариптик трансформациянын маанилүүлүгүн эске алуу менен мамлекеттик органдарда санариптештирүү маселелерин тескеген жетекчилердин орун басарларынын кызматтары түзүлдү.

Мындан тышкары, онлайн арыз берүү аркылуу туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алууда, транспорт каражаттарын кайра каттоодо жана оорулуу боюнча өргүүнү алуу сыяктуу бир катар кызматтарды киргизүүнүн аркасында жарандар мамлекеттик органдарга барууну минималдаштырууга мүмкүнчүлүк алышты.

Ошондой эле Бакыт Төрөбаев мамлекеттик органдарды санарип тармагында жетишилген натыйжалар тууралуу калкка жеткиликтүү маалымат берүүгө чакырды.

Маселен, аймактардагы айрым жарандар бир катар мамлекеттик кызматтарды уюлдук телефон аркылуу алууга боло тургандыгы жөнүндө кабардар эмес.

Ошол себептүү, бардык санарип тармагында иш жүргүзгөн жетекчилерге бул маселени өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий