• 87
  • 90.63
  • 0.79

Төрөбаев Ошто курултайда айыл чарба көйгөйлөрүн көтөргөн делегаттар менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 07.01.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жумушчу сапарынын алкагында Ошто III Элдик курултайдын катышуучулары менен жолугушту.

Жолугушууга курултайда айыл чарбасы жаатында маселелерди көтөргөн делегаттар келишти. Министр аларды кызыктырган суроолорго жеринен жооп берүүдө.

Элеттиктер суу каналдарын куруу, таза суу системасын орнотуу, таза суу менен камсыз кылуу, ветеринария, кайра иштетүү өнөр жайы, продукцияны сатуу жана башка маселелер менен кайрылышты.

Өз кезегинде министр көйгөйлөрдү тез арада чечүүгө аракеттер көрүлүп жатканын айтып, 2025-жылга Адай району боюнча 35,6 чакырым чарба аралык каналдардын оңдоо-калыбына келтирүү иштерин аткаруу мерчемделгенин мисал келтирди.

Ошондой эле ал Кара-Кулжа районуна караштуу Кара-Кулжа, Чалма, Ылай-Талаа, Карагуз, Кеңеш айыл аймагынын жерлерин сугаруу үчүн узундугу 4 чакырым каналдын курулуш иштерин аткарып жатканын маалымдады. Анын курулуш иштери 2025-жылы аяктайт.

Мындан тышкары, "Кызыл-Жар айыл округунун Ак-Тектир Терек-Талаа каналдарын калыбына келтирүү" долбоору боюнча Ак-Тектир каналы толугу менен бүткөрүлгөн жана 2025-жылдын сугат мезгилине чейин канал ишке берилээри айтылды.

Пикир

Оставить комментарий