• 87
  • 90.41
  • 0.84

Төрөбаев: Заводдор сүттүн майлуулугу 4 пайыздан кем эмес болсо 40 сомдон алууга тийиш

Экономика 0

Бишкек, 15.10.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кант шаарындагы "Белая Река" ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда ал дыйкан-фермерлерден сүт сатып алуудагы баанын наркы боюнча маселеге токтолду.

Министр Бакыт Төрөбаев өз сөзүндө сүттүн майлуулугуна жараша министрлик тарабынан баанын наркынын атайын сеткасы түзүлгөнүн, аны сүттү кайра иштетүүчү ишканалар милдеттүү түрдө илип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте эл кабардар болгондой шарт түзүш керектигин баса белгиледи.

Тактап айтканда Чүйдө сүттү кайра иштеткен ишканалар сүттүн майлуулугуна жараша:

  • 4,2% болсо, 44,47 сомдон;
  • 4,1% болсо – 43,41 сомдон;
  • 4% болсо 41,3 сомдон;
  • 3,9% болсо – 40, 24 сомдон;
  • 3,7% болсо – 39,18 сомдон;
  • 3,6% болсо – 38,12 сомдон;
  • -3,5% болсо – 37,06 сомдон;
  • 3,4% болсо – 36 сомдон;
  • 3,3% болсо – 34,94 сомдон;
  • 3,2% болсо – 33,88 сомдон;
  • 3,1% болсо – 32,82 сомдон;
  • 3% болсо – 31,76 сомдон алууга тийиш.

Белгилей кетсек, бул баанын наркы Талас, Ысык-Көл, Нарында анча-мынча өзгөрүшү мүмкүн. Бирок, сүттүн майлуулугу 4% кем эмес болсо 40 сомдон алынаары айтылды.

Пикир

Оставить комментарий