• 84.36
  • 92.94
  • 0.92

Төрөбаев өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 23.08.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев республиканын аймагында болуп өткөн өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө жумушчу кеңешме өткөрдү.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, отурумга тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары онлайн/оффлайн форматында катышты.

Минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев алдыда күтүлүүсү мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча комплекстүү чараларды көрүүнү тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырды.

Анда болуп өткөн өзгөчө кырдаалдарга талдоо жүргүзүү, жаратылыш кырсыктары болуусу мүмкүн болгон аймактарды алдын ала аныктоо жана ар кандай жоготууларды болтурбоого мүмкүн болгон чараларды көрүү сыяктуу бир катар тапшырмалар тизмектелип, жыйындын протоколуна киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий