• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Төрөбаев: Жакынкы жылдары 60 багыттагы продукцияны экспортко чыгаруу боюнча иштер күчөтүлөт

Өкмөт 0

Бишкек, 15.02.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө жазгы талаа жумуштарынын башталышы тууралуу маалымат жыйынын өткөрүп жатып, жакынкы жылдары 60 багыттагы продукцияны экспортко чыгаруу боюнча иштер күчөтүлөөрүн билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин айтымында, экспорт тармагын өнүктүрүү үчүн республиканын 40 районунда атайын кураторлор иш алып барат. Алар талаа жумуштарын толук көзөмөлгө алат. Мындан тышкары, Кырдаалдык борбор түзүлүп алар экспорт жана импортко аналитикалык көзөмөл жүргүзүп мониторинг кылып турат.

“Албетте экспортту өнүктүрүү үчүн сапатка өзгөчө көңүл бурулат. Маселен, сиздердин товарды алабыз деген Катар, Кытай сыяктуу мамлекеттер да сапат тууралуу айтууда. Андан кийин гана көлөмгө өтөбүз. Бул ишке бир гана министрлик эмес, райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдер да жооптуу. Менин миссияларымдын бири карапайым дыйкандардын продукциясын сапаттуу өндүрүп, аларды экспортко чыгаруу”, - деди Бакыт Төрөбаев.

Айыл чарба тармагы өлкө экономикасынын өнүгүшүнө таасирин тийгизиши керектигин айткан Төрөбаев, бул багытта мамлекет башчысы жана кинистрлер кабинетинин төрагасы тарабынан коюлган тапшырмалар кынтыксыз аткарылаарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий