• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Төрага: Ар бир үйдө Майлуу-Суунун лампасы жанып турушу керек

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.07.19. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу лампа заводунун иши менен таанышты. 1700дөй жергиликтүү тургунду иш менен камсыздаган заводдо ушул тапта лампанын ондогон түрлөрү чыгарылууда. Арасында заманбап, электр энергиясын үнөмдөөчү лампаларды чыгарып экспорттоого жетишкен.

Кытай жана Түркия өндүрүшүндөгү лампалардан айырмаланып, Майлуу-Суу лампасынын сапаты жогору экени аныкталган. Заводдун жетекчилиги маалымдагандай, алар мамлекеттик колдоого муктаж. Учурда эски өндүрүштөгү лампалар бара-бара рыноктон суурулуп чыгууда. Андыктан, заводдогу жабдууларды да реконструкциялоо зарылдыгы чыгууда. Ал үчүн жалпысынан 7,5 млн. доллардай акча каражаты керектелет. Буга чейин заводго Кыргыз-орус фондунан насыя алуу аракети болуп, андан натыйжа чыккан эмес.

Анткени, завод стратегиялык объект болгондуктан, кредит берилиши үчүн аны өкмөт өзү сатып алуусу керек, же башка инвесторго сатуу зарыл деген маселе бар. Эгер завод жаман колго сатылып кетсе, анын иши токтоп калышы ыктымал деген чочуулоолор бар экени белгиленип, бул маселе өкмөттүн деӊгээлинде чечилиши керектиги белгиленди.

Төрага Дастанбек Жумабеков завод боюнча өз пикирин билдирди. "Биз ар дайым 10 же 100 жумуш орунун түзөлү деп инвестор издейбиз. Аларга жер таап берели, шарт түзөлү деп убара болуп жүрөбүз. Бирок 1700 адамга жумуш берген ушундай алтындай болгон заводду колдой албасак, анда өнүгүүдөн үмүт үзүп коюш керек. Ар бир үйдө, ар бир ишканада Майлуу-Суунун чырагы күйүп турушу керек. Ал үчүн жарнаманы күчөтүп, маркетинг жолго коюлушу зарыл. Өзүбүздүн өндүрүштү колдоо үчүн өкмөт бүт чараларды көрүшү кажет. Сырттан келген лампага салыктарды жогорулатып, ал эми биздин лампа заводду салыктардан жеӊилдетүү керек", - деди төрага. Белгилей кетсек, завод ар ай сайын 15 млн. сом салык төлөйт.

Ошондой эле, төрага Дастанбек Жумабеков, депутат Талантбек Мамытов жана өкмөт өкүлдөрү Майлуу-Суу шаарыны

Пикир

Оставить комментарий