• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Төрага: Өлкөнүн ички өнүгүүсү үчүн тышкы саясий шарттарды түзүү зарыл

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.03.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Кыргызстандандын чет өлкөлөрдөгү элчилери жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери менен жолугушту.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун аталган жолугушуудагы сүйлөгөн сөзүнүн толук текстти:

"Урматтуу Чынгыз Азаматович!

Урматтуу Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги мекемелеринин жетекчилери!

Бүгүнкү көз карандысыз Кыргызстандын бүтүндөй тарыхында алгачкы жана өзгөчө маанидеги форматта өтүп жаткан жолугушуу менен сиздерди чын жүрөктөн куттуктаймын.

Баарыдан мурда өлкөнүн жетекчилиги мамлекетти өнүктүрүүдө, демократиялык принциптерди ырааттуу чыңдоо жаатында тандап алган багытты дагы бир жолу тастыктап олтурат.

Бүгүнкү иш чаранын форматы парламенттик демократиянын фундаменталдуу духунун талаптарына ылайык келет.

Дүйнөлүк аренада Кыргызстандын барган сайын чыңдалып жаткан демократиялык жана парламенттик өлкө катары өзүнүн орду чоң мааниге ээ.

Ошону менен эле катар, Кыргызстандын парламенттер аралык кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнү жана Жогорку Кеңештин сиздер жетектеген чет өлкөлөрдөгү мекемелери менен өз ара кызматташууларын мындан ары да алдыга жылдыруу боюнча пландарды биргелешип талкуулоонун жана белгилөөнүн мүмкүнчүлүгү пайда болуп отурат.

Бул эл аралык мамилелерде парламенттик дипломатиянын ролун жогорулатууда мааниси чоң.

Бул 30-июндун БУУ тарабынан парламентаризмдин эл аралык күнү деп түзүлүшү, өз кезегинде Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин (КМШ) Парламенттер аралык Ассамблеясынын жана Парламенттер аралык кеңештин (ПАК) биргелешкен ишинин жыйынтыктары болгондугун далилдеп турат.

Мындан тышкары, мамлекеттер аралык кызматташуулардын жогорку динамикасын сактоо үчүн тиешелүү мыйзамдык колдоолор талап кылынбай койбойт.

Улуттук мыйзамдардын деңгээлинде керексиз тоскоолдуктарды жоюу аркылуу парламентте өз ара конструктивдүү жана ачык пикир алышууларды белгилөө менен өлкөлөрдүн өз ара мамилелерине ачык-айкындуулук киргизилип жатат.

Буга байланыштуу, эл аралык байланыштардын географиясын кеңейтүү жана аларды чыңдоо, ошондой эле чет өлкөлөрдүн парламенттеринин иш тажрыйбаларын үйрөнүү Жогорку Кеңештин ишинде эң маанилүү багыттардын бири болуп саналат.

Урматтуу Элчилер жана дипломаттар!

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши парламенттер аралык уюмдардын иш-чараларынын форматында жакынкы жана ыраакы чет өлкөлөрдүн парламенттери менен эки тараптуу деңгээлдеги кызматташууларды өнүктүрүү жана чыңдоо боюнча иштерди туруктуу жүргүзүп жатат.

Парламенттердин, парламенттер аралык комиссиялардын, тармактык комитеттердин жана депутаттык достук топторунун жетекчилеринин деңгээлинде парламенттик делегациялардын өз ара иш сапарлары менен жолугушууларынын оң динамикасы улантылууда.

Кыргыз Республикасында аккредиттелген дипломатиялык корпус менен да өз ара кызматташуулар ийгиликтүү жүзөгө ашырылып келет.

Биз Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн, анын ичинен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйыны менен кызматташууларды бир кыйла чыңдай алдык.

Кытай Эл Республикасынын, Корея Республикасынын, Индия Республикасынын, Түркия Республикасынын жана Япониянын парламенттери менен да өз ара тыгыз байланыштар улантылууда.

Ошондой эле Австрия, Венгрия, Иран, Катар, Кувейт, Латвия, Бириккен Араб Эмираттары, Пакистан, Сауд Аравиясы, Финляндия, Чехия, Эстония жана бир катар башка өлкөлөрдүн парламенттери менен алакалар чыңдалып жатат.

Ошону менен эле катар Жогорку Кеңештин кызматташуулары көп тараптуу форматта да мерчемдүү өнүгүүдө.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын парламенттик делегациялары КМШ ПААга, ЖККУ ПАга, Түрк ПАга жана ЭККУ ПАга, ошондой эле ПАК жана ЕКПАга (Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына) өтө активдүү катышууну улантып жатат.

2018-жылдын 3-6-октябрында Бишкек шаарында ЕККУнун парламенттик Ассамблеясынын 17-күзгү жыйналышынын өткөрүлүшү ЕККУ ПАга мүчө өлкөлөрдүн өз ара жогорку ишенимин жана аракетин далилдеп Кыргыз Республикасы менен мындан ары да кызматташууларды чыңдоо иштерин тастыктады.

Мындан тышкары, жакынкы мезгилдерде ШКУнун Парламенттик Ассамблеясын түзүү күтүлүп жатат, анын мааниси жана келечеги ШКУнун өзүнүн максаттары жана принциптери менен түшүндүрүлөт.

Урматтуу Элчилер жана дипломаттар!

Жогоруда белгиленгендерге ылайык, дипломатиялык кызмат органдарынын ролун жана жоопкерчиликтүү аракеттерин өзгөчө белгилеп кетким келет.

Дүйнө жүзүндөгү окуялардын динамикалуу жана чукулунан өзгөрүп жаткан шарттарында Кыргызстандын жана анын жараандарынын улуттук кызыкчылыктарын алдыга коюу жана коргоо жеңил-желпи иштерден эмес экендигин айткым келет.

Бүгүнкү сиздердин кесиптик иш аракетиңиздер өлкөдөгү, региондогу жана дүйнө жүзүндөгү кырдаалды эске алганда жөнөкөй новатордук мамилелерди гана талап кылбастан, маселелерди чечүүнүн эң оптималдуу жана натыйжалуу варианттарын издөөгө түрткү берет.

ТИМдин борбордук аппараты, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери, Президенттин, Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн аппараттарынын өз ара ырааттуу жана кесипкөйлүк менен аракеттенүүлөрү эң маанилүү.

Бул, өз кезегинде, мамлекеттик жана дипломатиялык кызмат орундарынын бардык деңгээлдеринде кадрларды сапаттуу тандоону жүзөгө ашырууну түшүндүрөт.

Зарыл болгон учурда, урматтуу Чынгыз Азаматович, дипломатиялык кызмат органдары тарабынан аткарылуучу иштердин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен бул маселени комплекстүү кароо жана иштеп чыгуу зарыл.

Өз кезегинде, Жогорку Кеңеш аталган министрлик тарабынан тиешелүү маселелерди комплекстүү чечүүгө зарыл ар кандай көмөктөрдү көрсөтүүгө даяр.

Ошону менен эле катар, министрликтин жетекчилиги жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин башчылары төмөнкүдөй милдеттерди чечүүгө көңүл бурушу туура болоор эле:

Биринчиден, жыйынтыкка багыт алгандык.

Парламенттик делегациялардын өз ара сапарлары саясий пикир алышууларды колдоо үчүн чоң мааниге ээ.

Бирок парламенттер аралык өз ара аракеттенүү мыйзам деңгээлиндеги эки тараптуу кызматташуу маселелеринин чечилишине көмөктөшүүлөргө багытталышы керек.

Маселен, 2017-жылдын июнь айында Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы В.Володиндин көмөк көрсөтүүсү алдында Россиянын аймагында өз иш аракеттерин жүзөгө ашырып жаткан Кыргызстандын жарандары тарабынан улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү пайдалануу маселеси оңунан чечилген.

Буга байланыштуу, парламенттер аралык сапарларды, жолугушууларды жана иш-чараларды так жана сапаттуу мазмуун менен толуктоо боюнча тыкыр иштерди жүргүзүүнү сиздерден суранаар элем.

Эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу жана көйгөйлүү маселелерине көңүл буруу менен аларды чечүү боюнча так сунуштарды жөнөтсөңөр деген тилекти айткым келет.

Экинчиден, сапаттуу маалыматтык-аналитикалык иштерди жүргүзүү.

Аналитикалык иштер күн тартибинин эл аралык жана эки тараптуу бардык актуалдуу маселелери боюнча чет өлкөлөрдөгү мекемелер тарабынан туура жүргүзүлүшү зарыл.

Мында аналитикалык материалдар мезгилдин талаптарына шайкеш келиши өтө маанилүү.

Ошондуктан парламентте жүрүп жаткан иштердин жыйынтыктары өзүнүн тыянактарына жана сунуштарына татыктуу жооп боло тургандыгына жана Жогорку Кеңештин эл аралык иштерин дагы сапаттуу камсыздоого өбөлгө түзө тургандыгына ишенемин.

Мисалы, бүгүнкү күндө жана жакынкы келечекте актуалдуу маселелердин бири парламенттик кызматташуулардын форматын ШКУнун алкактарында издөө жана аныктоо болуп саналат.

Кызматташуунун чечүүчү багыттары боюнча парламенттердин ортосундагы туруктуу пикир алышуулар ШКУга катышкан мамлекеттердин позицияларын жакындатууга зор шарт түзүп, зарыл мыйзамдар менен колдоо демилгелеринин көтөрүлүшүн камсыз кылаар эле.

ШКУнун алкагындагы парламенттердин өз ара аракеттеринин башталышына 2018-жылдын декабрында Бишкек шаарында өткөн ШКУга катышкан өлкөлөрдүн парламенттеринин тармактык комитеттеринин төрагаларынын биринчи кеңешмеси пайдубал салды.

Бул процесс мындан ары да өзүнүн конструктивдик багытта өнүгүү жолуна түшө тургандыгына ишене тургандыгымды билдиремин.

Учурдан пайдаланып, урматтуу Чынгыз Азаматович, ШКУнун алкагындагы парламенттик кызматташуулардын тиешелүү маселелери боюнча зарыл материалдардын даярдалышына ойдогудай маани берүүнү сизден өтүнөмүн.

Үчүнчүдөн, натыйжалуу экономикалык дипломатияны жүзөгө ашыруу.

Экономиканы диверсификациялоо, экспорттук потенциалды жогорулатуу, инвестициялык жана туристтик кызыгууларды чыңдоо - экономикалык дипломатиянын артыкчылыктуу маселелеринин бири болуп калууга тийиш.

Өлкөнүн ички өнүгүүсү үчүн тышкы саясий шарттарды түзүү зарыл.

Эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуулардын, биринчи кезекте ЕАЭБдин алкактарында ар кандай экономикалык тармактарды өздөштүрүү менен жаңы ишканаларды түзүп, орто жана кичи бизнести өркүндөтүү аркылуу ага колдоо көрсөтүп биз жарандарыбызды жаңы жумушчу орундар менен камсыз кылып жана алардын байгерлик жашоо турмуш деңгээлин жогорулатаар элек.

Биринчиден, бул багыттагы иштер Кыргызстандын ачык жана өз ара пайдалуу кызматташууларга даяр экендигин чет өлкөлүк өнөктөштүктөргө кеңири маалымдоону шарттайт.

Экинчиден, жогоруда белгиленген маселелер боюнча биздин чет өлкөлөрдөгү мекемелерибиздин иштери прагматикалык жыйынтыктарга багытталышы зарыл.

Жалпы иштерге өзүнүн чоң салымын кошууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына караштуу Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеңеш да даяр.

Андыктан Кеңештин Төрагасынын орун басары А.Нурбаев мырза менен өз ара аракеттенүү маселелери жана артыкчылыктуу иш-аракеттердин чөйрөсү боюнча талкуулоолорду сунуштаймын.

Ошондой эле экономикалык өнүгүү өлкөлөрдүн экология маселелериндеги энергетикалык көз карандысыздык жана позитивдүү өзгөрүүлөр менен коштолууга тийиш.

Кандай гана пайда көздөөлөр болбосун ар кандай инвестициялык долбоорлор айлана-чөйрөнү коргоонун зарылдыгын эске алуу менен ишке ашырылышы абзел.

Бул айтылган маселелерди алдыга жылдыруу жана комплекстүү чечүү биздин жана келечектеги муундун байгерлик жашоо турмушу үчүн зарыл шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.

Төртүнчүдөн, мыйзам чыгаруу жаатындагы тажрыйбаларды изилдөө жана алмашуу.

Кыргызстан үчүн кызыкчылыктарды көздөгөн мамлекеттик иштердин жана коомдук турмуштун чөйрөлөрүн жөнгө салууга багытталган чет өлкөлөрдүн мыйзамдарына жана мыйзам долбоорлоруна көңүл буруу маанилүү.

Бул иш чет өлкөлөрдөгү мекемелер жана парламенттин тармактык комитеттери, депутаттык достук топтору тарабынан жүргүзүлүп, мында Жогорку Кеңештин Аппаратынын Эл аралык бөлүмдөрү менен тыгыз иш алып барылышы керек.

Мисалы, өлкөбүздүн инвестициялык климатын жакшыртуу талаптарынан улам инвестицияларды тартуу жана коргоо боюнча чет өлкөлөрдүн тажрыйбаларын иликтөө максатка ылайыктуу жана келечектүү болоор эле.

Бешинчиден, парламенттер аралык уюмдардын алкактарында кызматташууларды алдыга жылдыруу.

Парламенттер аралык уюмдардын форматындагы кызматташуулар мамлекеттер аралык байланыштарды көп тараптуу жолго коюу жана чыңдоо жаатында гана өбөлгө түзбөстөн жалпы көйгөйлөрдү терең түшүнүүгө, маселелерди, анын ичинде мыйзам деңгээлиндеги иш-чараларды ойлонуштуруп кабыл алууга түрткү бербей койбойт.

Аргумент катары тарыхтан бир мисал келтиргим келет.

КМШ ПААсынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Россия Федерациясынын Федерация Кеңешинин Федералдык жыйынынын жана ТИМнин демилгеси боюнча 1994-жылдын май айында Бишкек шаарында кол коюлган протокол Тоолуу-Карабах регионундагы аскердик аракеттерди токтотуу үчүн юридикалык негиз болуп калган.

Ошону менен эле катар, демократиялык процесстерге көмөктөшүү жана парламентаризмди өнүктүрүү боюнча парламенттер аралык ассамблеянын мааниси да өтө жогору.

Жогорку Кеңеш шайлоолордун жүрүшүндө шайлоочулардын укуктарын коргоону жана добуш берүүнүн ачык-айкындуулугун камсыздоого көмөктөшүү боюнча эл аралык байкоочулардын миссияларынын объективдүү жана адилеттүү иштерин колдойт.

Шайлоолордун жыйынтыктары боюнча алардын отчеттору шайлоо процессинин демократиялык статусун жана ачык-айкындуулугун тастыктайт же четке кагышы мүмкүн, ал эми алар берген сунуштар – шайлоо укуктарын жана процесстерин өркүндөтүүгө жардам көрсөтпөй койбойт.

Мен бул жерде дүйнөлүк коомчулук тарабынан 2015-жылдын парламенттик шайлоолорунун жүрүшүндө, 2016-жылы референдумда жана 2017-жылдагы президенттик шайлоолордо көрсөткөн өзүнүн далилдүүлүгүн жана келечектүүлүгүн, биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен Кыргыз Республикасында заманбап технологиялардын шайлоо процессине киргизилген башталыштарын жогору баалангандыгын терең канааттануу менен белгилей кетким келет.

Бул өз кезегинде 2020-жылы да парламенттик шайлоолордо дагы бир жолу далилденет деп ишенемин.

Илимий-өкүлчүлүк иштерди кеңейтүү жана Жогорку Кеңеш менен маданий-гуманитардык иш аракеттерди улантуу максатында КМШ ПАсы аркылуу Ч. Айтматов атындагы жыл сайын тапшырылуучу сыйлык уюштурулуп, ар кандай форумдардын, конференциялардын, көргөзмөлөрдүн, маданият күндөрүнүн жана көптөгөн башка иш-чаралардын өткөрүлүшү колдоого алынууда.

Кызматташ өлкөлөрдүн жаш өкүлдөрү менен достук байланыштарды чыңдоо жана өз ара түшүнүшүүлөрдү жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү үчүн Жогорку Кеңеш жана КМШ ПАсынын Кеңеши аркылуу Ысык-Көлдүн жээгинде көп жылдардан бери “Кызматташтыктын балдары” Эл аралык маданий-билим берүү форуму өткөрүлүп жатат, ал быйыл да – июнь айынын аягында салттуу түрдө өткөрүлмөкчү.

Жогорку Кеңештин парламенттер аралык уюмдарга жана иш-чараларга активдүү катышуусу Кыргызстандын эл аралык аренадагы кадыр-баркын гана көтөрбөстөн анын тышкы саясий демилгелеринин алдыга жылышына да мүмкүндүктөрдү түзүүдө.

Мисалы, ЕККУнун ПАнын 17-күзгү жыйналышынын Бишкек шаарында өткөрүлүшү ЕККУга мүчө мамлекеттердин парламенттик делегацияларына жана меймандарына биздин өлкөбүз менен жакындан таанышууга жана демократияны өнүктүрүүнүн биз жетишкен деңгээлине күбө болууга өбөлгө түздү.

Биз ачык, тең укуктуу жана конструктивдүү пикир алышууга өзүбүздүн даяр экендигибизди дүйнөлүк коомчулукка көрсөтө алдык.

Кыргыз Республикасынын мурдагы тышкы иштер министри тарабынан Парламенттик Ассамблеянын иш-чараларында Кыргызстандын Афганистан боюнча Бишкек региондук изилдөө борборун түзүү демилгеси айтылган.

Урматтуу Чынгыз Азаматович, Сизди Жогорку Кеңештин көп тараптуу форматындагы кызматташууларын мындан ары өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстандын парламенттер аралык уюмдардын алкагында тышкы саясий демилгелерин алдыга жылдыруу боюнча конкреттүү сунуштарды жасайт деп ойлойбуз.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмүнүн башчысы Б.Асангул мырза менен биргеликте аталган маселени иштеп чыгууну сизден суранамын.

Министрликте, чет өлкөлөрдөгү мекемелерде жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратында иштеген тажрыйбалуу кызматкерлер катары парламенттер аралык кызматташтыктын бардык маселелери башкаларга караганда сиздерге көбүрөөк белгилүү.

Бул милдетти биргелешип аткаруу оң жыйынтыктарды алып келет деп эсептеймин.

Ошону менен эле катар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кызматташууларды жана коопсуздук маселелерин мындан ары да ЕККУнун мейкиндигинде ишенимдүү түрдө калыбына келтирүү максатында ЕККУга катышкан мамлекеттердин ортосунда тең укуктуу парламенттер аралык сүйлөшүүлөр үчүн маанилүү болгон аянтча катары ЕККУнун ПАсынын ролун жогору баалай тургандыгын белгилей кетким келет.

Ошондуктан, урматтуу Бакыт Алиевич, Сизден аталган парламенттик уюмдар менен Жогорку Кеңештин кызматташуусун мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого чоң көңүл бурууну өтүнөмүн.

Мында быйыл Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ЕКПАда демократия боюнча өнөктөштүктүн статусун алгандан бери туура 5 жыл толгондугун белгилей кетким келет.

Урматтуу Муктар Кабылбекович, ал эми Сизден Жогорку Кеңештин алар менен кызматташууларын мындан ары алдыга жылдыруу боюнча парламенттер аралык уюмдун ишин иликтөөнү жана алар боюнча өз сунушуңарды киргизүүнү суранамын.

Алтынчыдан, чет өлкөлөрдөгү биздин жарандардын жана мекендештерибиздин көйгөйлөрүн натыйжалуу чечүү.

Биздин жарандар турмуштук көйгөйлөрдөн улам чет жерлерде эмгек миграциясында жүрүүгө аргасыз болуп жаткандыгын айткым келет, алар чет жерлерде социалдык-экономикалык бир катар себептер боюнча жүргөндүгү көпчүлүккө маалым, бирок айтып коюучу нерсе жакынкы келечекте бул көйгөйлөр да жоюлат деп ойлоймун.

Чет мамлекеттерге иш издөө жана үй-бүлөсүн багуу максатында барган биздин жарандар ошол эле мезгилде өлкөнүн ИДПсына да чоң салым кошуп жаткандыгын айтуу керек.

Чет өлкөлүк парламенттер менен эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушуулардын жүрүшүндө биз чет жерлерде иштеп жаткан жарандарыбыздын абалына өзгөчө көңүл буруп жатабыз.

Ал эми Кыргыз Республикасынын жарандарынын өздөрү да ЕАЭБ өлкөлөрүндө алардын укуктук абалынын жакшыра баштагандыгын белгилеши кубанычтуу.

Бирок жалпыга белгилүү болгон көйгөйлүү бир топ маселелер дагы эле акыр-аягына чейин чечилбей жатат.

Буга байланыштуу, чет өлкөлөрдөгү мекемелердин тиешелүү жетекчилери бул маселени жеке көзөмөлүнө алып, бүткөрүлгөн иштер жөнүндө Жогорку Кеңешке маалымдоосун өтүнөмүн.

2018-жылдын ноябрында Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасында чет өлкөлүк улуттук айдоочулардын күбөлүктөрүн пайдаланууга тыюу салууну белгилөө маселеси кайрадан демилгеленген. Мындай демилгенин кабыл алынышы Россиянын аймагында эмгектенип жатышкан жарандарыбыздын тагдырына терс таасирин тийгизиши мүмкүн экендигине байланыштуу Жогорку Кеңеш мамлекеттик Думага Кыргыз Республикасынын жарандарына андай тыюу салууларды жайылтпоо мүмкүнчүлүгүн кароо өтүнүчү менен кайрылган.

Бул маселеге Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигин өзгөчө көңүл бурууну суранамын.

2017-жылдын 1-сентябрынан тартып 2018-жылдын 1-июнун кошуп алгандагы сессиялык мезгилдин ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ар кандай маселелер, анын ичинде консулдук мүнөздөгү маселелер боюнча жарандардан 28,108 кайрылуунун келип түшкөндүгүн кошумча катары белгилей кетмекчимин.

Жарандардын жогору турган органдарга андай кайрылууларынын себептерине кеңири токтолбой туруп дипломатиялык кызмат органдарын, барыдан мурда биздин чет өлкөлөрдөгү мекемелерибиздин консулдук иштерин күчөтүүнүн зарылдыгын баса белгилей кетким келет.

Ата-мекенге жана үй-бүлөгө болгон сүйүү, мекендештер менен пикир алышууга муктаждыктар жана алардын колдоолору мекенибизден алыс жерлерде пайда боло тургандыгын унутпашыбыз керек.

Бул максаттарда түзүлгөн чет өлкөлөрдөгү мекемелер биздин жарандарга колдоо көрсөтүүдөн баш тартса анда мекендештерибизге алардан бөлөк ким колдоо көрсөтө алат?

Мамлекет жарандар болгондо гана жашайт, ошондуктан урматтуу дипломаттар, биздин жарандардын тагдыры, алардын байгерлик турмуш-жашоосу жана бийликке баа берүүлөрү сиздер менен биздин натыйжалуу жана ырааттуу иштерибизге толук мерчемде көз каранды экендиги шексиз.

Урматтуу Элчилер жана дипломаттар!

Бүгүнкү күндө тышкы иштер министрлигинин, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн аппараттарынын түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн тыгыз жана ырааттуу иштери үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар. Ал мүмкүнчүлүктөр өлкөнүн тышкы саясий багытын натыйжалуу ишке ашыруу максатында гана иштеши керек.

Кыргыз Республикасынын жаңы тышкы иштер министри Ч.Айдарбековдун талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бир добуштан жактырылгандыгына байланыштуу жогоруда айтылган мүмкүнчүлүктөр ойдогудай деңгээлде ишке ашырылат деп ишенүүгө, ал эми Кыргызстандын дипломатиялык кызмат органдарынын бүтүндөй тутуму мындан аркы өнүгүү багыттары үчүн зарыл импульс алат деген ишенимди айтаар элем.

Бул жаатында, Россиялык окумуштуу – энциклопедист Александр Александрович Багданов айткан “аз сандагылардын мыйзамы” деген сөзү эске түшөт, ага ылайык “чынжырдын бекемдиги анын начар түйүнү менен аныкталат”.

Ал эми Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын тутумунда начар түйүн болууга тийиш эмес.

Ошону менен бирге, бүгүнкү иш-чара эки мааракелик датанын: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 80 жылдыгынын жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөн күнүнөн бери 75 жыл толушунун аралыгында өтүп жаткандыгын кубануу менен белгилеп кетүү керек.

Сөзүмдүн акырында Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматтарынын жетекчилигин, бардык кызматкерлерин жана ардагерлерин Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин жогоруда айтылган мааракелик күнү менен чын дилден куттуктагым келет.

Ошондой эле быйыл Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин башчыларынын катарын толуктаган адамдардын элчилик кызмат орундарына дайындалышы менен да куттуктаймын.

Сиздердин жогорку жеке сапатыңыздар жана бай иш тажрыйбаңыздар Кыргызстандын чет өлкөлөр жана өнөктөштөрү менен достук мамилелерин ар тараптуу чыңдоого өбөлгө түзөт деген ишенимди айткым келет.

Урматтуу Элчилер жана дипломаттар!

Сиздердин бардыгыңыздарга бекем ден соолук, кажыбас кайрат, жооптуу кесиптик ишиңиздерде максатка умтулуучулук менен ийгиликтерди чын жүрөктөн каалап кетүүгө уруксат этиңиздер!"

Пикир

Оставить комментарий