• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Төрага Мамытов БУУнун КРдагы тутумунун туруктуу координатору Озонниа Ожиелону кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 3–февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Бириккен Улуттар Уюму системасынын Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело мырзаны кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Диалог жүрүшүндө Төрага, - “Кыргызстан Бириккен Улуттар уюмун абройлуу көп багыттуу эл аралык уюм катары таанырын, глобалдык маанилүү маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуунун ордосу катары бааларын жана тынчтык менен коопсуздукту сактоодо, улуттар ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүдө, адамзат кабылган ааламдашуу доорундагы чакырыктарды жөндөп, кооптуу кырдаалдарды жоюуда башкы борбор, - деп билет”, - деп белгиледи.

“2030 – жылга чейинки Максаттуу Туруктуу Өнүктүрүү программасын даярдоо процессине Кыргызстан башынан эле жигердүү катышып, өлкө өзгөчөлүктөрүнө дал келген улуттук приоритеттерди ишке ашырат. Кыргыз мамлекетинин азыркы жетекчилиги да бул багытка артыкчылык берет”, - деди Т.Мамытов.

Төрага ошондой эле, шайлоо өнөктүгүндөгү партиялык тизмеде аялдар үчүн каралган 30%дык квотаны атап, азыркы VII чакырылыштагы Жогорку Кеңешке партиялык сап аркылуу 18 аял депутаттын шайланып келгендигин маалымдады. “Жалпысынан, Жогорку Кеңеште иштеп жаткан кызматкерлердин 156сы аялзаты. Алардын 89у эксперттер. Аппараттагы 16 бөлүмдүн 11ине айымдар жетекчилик кылышат”, - деген статистикаларды санады.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына караштуу Аялдардын укуктары жана гендерлик зомбулуктун алдын алуу боюнча кеңеш түзүлүп, иштеп жатат. Ушул эле Кеңештин алкагында балдардын укуктарын коргоого да көңүл бурулат. Ошондой эле парламенттеги депутат айымдардын форуму да өз ишин нукка салгандыгы төраганын баяндамасында айтылды.

Өз сөзүндө Бириккен Улуттар Уюму системасынын Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело мырза Кыргыз мамлекетинде жүрүп жаткан ар бир реформалык кадамдарга БУУ калыс баасын берип, ар тараптан колдоого алып, маанилүү диалог жүргүзүп келе жаткандыгын белгиледи.

“Жергиликтүү кеңештерде да аял депутаттарга каралган квоталар, министрликтердеги гендердик көрсөткүчтөр 30%дан кем болбоосу үчүн кеп - кеңеш иштерин жүргүзүүгө кайдыгер карабайбыз. Балдар укуктары менен үй – бүлөдөгү зордук – зомбулуктардын алдын алуу багытындагы программаларга да колдоо көрсөтүү БУУнун алкагындагы орчундуу милдеттерден”, - деди Бириккен Улуттар Уюму системасынын Кыргызстандагы туруктуу координатору. Ошондой эле ал ушул жылдын 8 – март күнү Аялдардын тилектештигинин Эл аралык майрамына карата атайын иш чаралардын уюштурулаарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий