• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Төрага Мамытов менен Түштүк Кореянын КРдагы элчиси кызматташтыкты талкуулашты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ха Тэ Ёк жана KOICAнын Өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ли Джонгсу менен жолугушту. Бул тууралуу КР ЖКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Тараптар эки тараптуу мамилелердин, парламенттер аралык диалогдун мындан аркы перспективалары, ошондой эле Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын төрагасы Пак Бён Соктун Кыргызстанга жасаган расмий иш сапарынын учурунда жетишилген келишимдерди ишке ашыруу тууралуу пикир алмашышты.

Төрага Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын төрагасы менен жолугушуунун жүрүшүндө каралган негизги маселелерге токтолду. Атап айтканда, Кореяга экологиялык жактан таза айыл чарба продукцияларын, анын ичинде балды, кургатылган мөмөлөрдү жеткирүү, КР шайлоо системасын реформалоонун алкагында автоматтык эсептөө урналарын камсыздоо программасын жакшыртуу, ошондой эле “Санариптик парламент” долбоорун биргелешип ишке ашыруу тууралуу сөз болду.

Т алант Мамытов Кыргызстан менен Кореянын эки тараптуу мамилелеринин ар тараптуу өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүчү бул долбоорлордун батыраак ишке ашырылышына кызыккандыгын билдирди.Бул максатта Кызматташтык планын иштеп чыгуу үчүн жумушчу топту түзүү сунушталды.

Өз кезегинде Түштүк Кореянын элчиси жогоруда аты аталган долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын билдирип, Жогорку Кеңештин Кореянын элчилиги жана КОЙКАнын Өкүлчүлүгү менен тыгыз кызматташтыгы үчүн жумушчу топ түзүү демилгесин колдоого алды.

Ал ошондой эле биздин өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу мамилелердин жогору деңгээлин белгиледи.Анын айтымында, 2019-жылы Кореянын Премьер-министри Ли Нак Ёндун жана 2021-жылы Улуттук Ассамблеянын Спикери Пак Бён Соктун расмий иш сапарлары буга далил.

Элчи Кыргызстан Корея Республикасынын жаңы “түштүк” жана “түндүк” саясатынын алкагында кызматташуу үчүн жогорку потенциалга ээ болгон артыкчылыктуу өлкөлөрдүн тизмесине киргизилгендигин эске салды. ”Бүгүн Кыргыз Республикасы биздин өлкө үчүн өзгөчө кызыгуу туудурат, Кореянын жарандарынан Кыргызстанга келип кетүүнү каалагандардын саны улам көбөйүүдө”, - деди элчи.

Пикир

Оставить комментарий