• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Төрага Мамытов Новосибирск облусунун губернатору Андрей Травников менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 30-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов Россия Федерациясындагы иш сапарынын алкагында Новосибирск облусунун губернатору Андрей Травников менен жолугушту.

Парламенттин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, жолугушууда Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгы, анын ичинен аймактар аралык байланышты чыңдоо маселелери талкууланды.

Төрага Талант Мамытов эки өлкөнүн ар тараптуу өнөктөштүгү өзгөчө мааниге ээ экендигин белгилеп: «Новосибирск Россия Федерациясынын аймактарынын ичинен биздин жарандарыбыз көп каттаган облус. Башкы консулдук мекемебиздин эсеби боюнча аталган чөлкөмдө Кыргызстандын 80 миң жараны жашайт. Бул биздин өлкөлөрдүн стратегиялык өнөктөш экендигинин далили», - деди.

Муну менен катар ЕАЭБ алкагындагы байланыштарга жана миграциялык саясат маселелерине да токтолгон Талант Мамытов кыргызстандыктардын мыйзамдык укуктарын коргоого өзгөчө көңүл бурду.

Андан тышкары аймактар аралык саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык мамилелер тууралуу сөз кылган Жогорку Кеңештин Төрагасы: «Мындан аркы артыкчылыктуу багыттагы алакаларыбыздын сап башында айыл чарба, транспорт, логистика, туризм, медицина, билим берүү тармактары турат. Ал эми Жогорку Кеңеш тиешелүү колдоону көрсөтүп, кызматташтыкты арттырууга, айрыкча мигранттардын турмушун жакшыртууга багытталган өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кызыкдар», - деди.

Өз кезегинде Новосибирск облусунун губернатору Андрей Травников Кыргыз Республикасы жана анын облустары менен ар тараптуу кызматташууга кызыкдар экенин билдирип: «Байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө болчу көптөгөн тармактар бар. Биз ошол калыптанган алаканы арттырышыбыз керек. Бүгүнкү жолугушуу кызматташтыктын келечеги үчүн чоң мааниге ээ", - деди.

Ошондой эле жолугушууга катышкан депутат Каныбек Иманалиев илим жана билим берүү багытында тажрыйба алмашуу зарылчылыгына токтолду.

Кошумчалай кетсек, төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттар Каныбек Иманалиев, Бейшеналы Нурдинов, Искендер Матраимов бар.

Пикир

Оставить комментарий