Төрага Нурланбек Шакиев Бакуда ТүркПА кеңешинин жыйынына катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.06.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Баку шаарында уюштурулган Түрк мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кеңешинин жыйынына катышты.

Парламенттин билдиришкендей, жыйында төрага Шакиев боордош өлкөлөрдүн парламенттер аралык байланышынын учурдагы абалына токтолду.

"Мамлекеттер ортосундагы мамилени өнүктүрүүдө мыйзам чыгаруу органдары маанилүү роль ойноп, айрыкча ТүркПА конструктивдүү жана ачык сүйлөшүүлөрдү калыптандырууда барандуу салым кошуп келет", – деди ал.

Ошондой эле Шакиев аталган парламенттик ассамблея эл аралык уюмдардын арасында өзүнүн татыктуу ордун таап, абройлуу уюмга айланганын белгиледи.

"Биздин жалпы максатыбыз – Түрк дүйнөсүн саясий, экономикалык, маданий жактан интеграциялоо жана бул багытта пайда болгон ар кандай мыйзамдык тоскоолдуктарды жоюу болуп саналат. Себеби, азыркы дүйнөдөгү абал боордош мамлекеттерге да таасирин тийгизбей койбойт. Андыктан, биз биргелешип иш алып барып, мыйзамдарды шайкеш келтирүү багытында тыгыз кызматташуубуз кажет", – деген ал керектүү мыйзамдарды изилдеп, өнүккөн мамлекеттердин заманбап мыйзамдарынан үлгү алып, аларды түрк элдеринин улуттук менталитеттерине ылайык чыгуу зарыл экенин кошумчалады.

Шакиев ар бир ишти дасыккан адистер гана жасашы керек экенин белгиледи. "Ошондуктан, мен ТүркПАнын алкагында бирдиктүү мыйзам актыларынын үстүнөн туруктуу иштей турган парламенттер аралык адистешкен топ түзүүнү сунуштайм. Бул демилге өлкөлөр ортосундагы мамилелерди бекемдөөгө багытталган ар кандай мыйзамдык тоскоолдуктарды жоюуга өбөлгө түзөөрү анык", – деди Нурланбек Шакиев.

Андан тышкары, боордош элдер илим-билимде, экономикада, алдыңкы илимий-технологиялык ачылыштарда, эл аралык мамилелерде ийгиликтерди багынтып жатканын эске салган Жогорку Кеңештин төрагасы: "Бирок алдыбызда чечилиши керек болгон орчундуу маселелер арбын. Орток баалуулуктарыбызды бекем сактап, маданий жана руханий көрөңгөлөрүбүздү өнүктүрүү жаатында жигердүү иш алып баруубуз керек", – деди.

Ошондой эле экология маселесине да токтолгон Төрага аталган багытта прогрессивдүү мыйзамдар долбоорлорун иштеп чыгуу зарылчылыгына токтолду.

Пикир

Оставить комментарий