• 86.8
  • 91.71
  • 0.87

Нурланбек Шакиев КМШ ПААнын пленардык жыйынына катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.11.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) 57-пленардык жыйынына катышты.

Парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, жыйын Россиянын Санкт-Петербург шаарында өтүп жатат.

Жыйынды КМШ ПААнын Кеңешинин төрайымы – РФ Федералдык Жыйынынын Федералдык Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко ачып, андан соң Ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилери сөз сүйлөдү.

Өз кезегинде төрага Нурланбек Шакиев эл аралык аренада КМШ ПААнын бедели өсүп, чыңдалып жатканын белгилеп, аталган Ассамблея шериктештиктин маанилүү структураларынын бири экенине токтолду.

Муну менен катар Жогорку Кеңештин төрагасы Ассамблеянын мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү КМШда бирдиктүү укуктук мейкиндикти түзүүгө өбөлгө түзгөнүн айтып, мамлекеттер аралык мамилелерди өнүктүрүүдө парламенттер ортосундагы кызматташтыктын ролу чоң экенин кошумчалады.

Тагыраагы, төрага парламенттер аралык диалог шериктештикке кирген өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого гана таасирин тийгизбестен, конструктивдүү диалогду курууга, компромисстик чечимдерди кабыл алууга, ар кандай чакырыктарга жана коркунучтарга каршы бирдиктүү ыкмаларды иштеп чыгууга көмөкчү болорун билдирди.

“Анын ичинен маанилүү маселелердин бири катары КМШ алкагында эмгек миграциясына байланышкан кызматташтыкты активдештирүүгө жана бул багыттагы нормативдик-укуктук базаны жаңыртууга чакырам”, – деди Шакиев.

Төрага ошондой эле коопсуздукту камсыздоо жана террористтик ишмердүүлүктүн алдын алууга багытталган негизги профилактикалык чаралардын бири катары мамлекеттик чек ара өткөрүү пункттарынан, өзгөчө аэропорттордон өтүүдө КМШ өлкөлөрүнүн аймагына жумушчулардын жана башка категориядагы жарандардын киришине массалык түрдө тыюу салуу практикасы күчөгөнүнө токтолду. Андыктан, эмгек миграциясынын коопсуз жана мыйзамдуу болушу үчүн, андан сырткары жарандардын адилетсиздикке, бир жактуулукка жана дискриминацияга кабылбоосу үчүн идентификациялык текшерүү механизмдерин иштеп чыгуу боюнча күч-аракеттерди бириктирүүнү сунуштады.

Муну менен катар Москвадагы мектептерде эмгек мигранттарынын балдарын окуудан баш тартуу боюнча жаралган жагдайларга тынчсызданып жатканын айткан Төрага эмгек мигранттарынын Россиянын аймагына үй-бүлөсүн алып келүүсүнө тыюу салган, мындан сырткары чет өлкөлүк жарандардын мектепке жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринен акы төлөө менен гана билим алуусуна байланышкан чектөөлөрдүн киргизилип жатканына кабатырланганын билдирди.

“Тескерисинче мигранттардын адаптациясынын эң маанилүү механизми болуп мектептер саналат. Социалдык жана билим берүү чөйрөсүнө ийгиликтүү интеграциялануунун фактору катары мектеп балдарга гана эмес, алардын ата-энелерине да эң жакшы таасир этет. Андыктан аталган маселеге өзгөчө көңүл буруубуз кажет”, – деди Нурланбек Шакиев.

Пикир

Оставить комментарий