• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

Төрага Шакиев Кыргыз улуттук агрардык университетинин студенттерине стипендия таршырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.05.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдыңкы студенттерине стипендия тапшырды.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, ошондой эле эки окутуучуга илимий ишмердүүлүгүн колдоо багытында 100 миң сомдон каржылык көмөк көрсөттү.

Төрага Шакиев жыл башында аталган университетке барып, андагы жетишкендиктер жана түзүлгөн шарттар менен жеринде таанышып келгенин айтты.

"Кыргызстан агрардык өлкө. Айыл чарба тармагы экономикабыздын негизин түзөт. Андыктан, тармакты өнүктүрүү үчүн илим менен тажрыйбаны айкалыштырган жана заманбап технологияларды мыкты өздөштүргөн адистер өтө зарыл. 90 жылдык тарыхка ээ Кыргыз улуттук агрардык университети коюлган талаптарды эске алып, экономикабызды алдыга сүрөгөн адистерди чыгарууну улантышы керек. Бүгүнкү тапшырылып жаткан стипендия жана каржылык колдоо студенттер менен окутуучуларды шыктандырып, жаратман жаштардын өсүп чыгышына аз да болсо көмөкчү болот деген ишеничтемин”, – деди ал.

Ошондой эле өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга учкай токтолгон Нурланбек Шакиев: “Туура жүргүзүлгөн экономикалык саясаттын негизинде ички дүң продукциябыздын көлөмү өсүп, калк турмушун жакшыртууга багытталган ири долбоорлор ишке ашырылууда. Айрыкча билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, келечек ээлерине татыктуу таалим-тарбия берүү башкы максат катары каралып жатат. Өз кезегинде Жогорку Кеңеш да билимге умтулган жаштарды колдоп, алдыңкы окуучуларга жана студенттерге ар тараптуу жардамдарды көрсөтүп келебиз. Бүгүнкү берилип жаткан стипендиялар жасалган жакшы иштердин бир мисалы. Буйруса мындай саамалыктар дагы уланат”, – деди.

Ал эми 100 миң сом каржылык колдоо алган Гидромелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу факультетинин деканы, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Аман Самыкбаев аталган университетте 48 жылдан бери иштеп келе жаткандыгын айтып: “Алгачкы жолу ушундай көңүл бурулуп, Жогорку Кеңештин Төрагасынын атынан каржылык колдоо көрсөтүлүүдө. Берилген акчаны төрт жылдан бери чыгара албай жаткан экология маселелерине байланышкан эмгегимди чыгарууга жумшайм. Андыктан берилген жардам үчүн төрагага ыраазычылык билдирем”, – деди.

Жолугушууда студенттер да сөз сүйлөп, тапшырылган стипендия мыкты окууга шыктандырарын жана келечекте мамлекетке керектүү адистерден болуу максаттары бар экенин кошумчалашты.

“Айыл чарба тармагы күн сайын өнүгүүдө. Буга байланыштуу заманбап тажрыйбаларды өздөштүрүп, агрардык өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн өз салымымды кошом деген тилегим бар”, – деди 2-курстун студенти Арсен Турдубаев.

Пикир

Оставить комментарий