• 87
  • 90.41
  • 0.84

Төрага Шакиев тармактык комитеттердин төрагалары менен жыйын өткөрдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.05.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттеги тармактык комитеттердин төрагалары менен салтка айланган кезектеги жыйынды өткөрдү. Иш-чарага президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов да катышты.

ЖКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыйында мыйзам чыгаруу процессине байланышкан бир катар маселелер талкууланып, сунуш-пикирлер айтылды.

Төрага Нурланбек Шакиев парламенттин кароосунда турган бардык мыйзам долбоорлору маанилүү экенин белгилеп, аларды өз убагында кабыл алуу зарыл экенин белгиледи.

Ага ылайык, тармактык комитеттердин төрагаларын жана мүчөлөрүн жигердүү иштөөгө чакырды.

Эскерте кетсек, азыркы тапта парламентте 8 тармактык комитет иш алып барат.

Пикир

Оставить комментарий