• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Төрага Жумабеков Араван районунун тургундары менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.07.19. /Кабар/. Жогорку Кенештин төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар бүгүн, 30-июлда Араван районун тургундары менен жолугушууда, - деп кабарлайт ЖКнын басма сөз кызматы.

Алгач эл өкүлдөрү Аравандагы мрамор ташты кесип, жылмалоочу цехке барып, ишкерлердин көйгөйүн укту. Жергиликтүү ишкерлер С.Таабалдиев менен Н. Турсунов 35 млн. сом инвестиция салып, таш иштеп чыгуучу цехти түптөгөн. Цех айына 110000 чарчы метр мрамор таш даярдайт жана продукцияны кобунесе Өзбекстанга экспорттойт.

Мрамордун чарчы метри 13 доллардан сатылат. Анткен менен ишкерлердин айтымында, мрамордун баасы арзандап, киреше азаюуда. Анткени, аталган продукциянын баасы так аныкталган эмес. Ошол себептен ишкерлер өз өнүмдөрүн сатууну көздөп, кээде бааны төмөндөтүп жиберген учурлар бар.

Бул маселени уккан төрага Дастанбек Жумабеков Монополияга каршы күрөшүү агенттигинин өкүлүнө кайрылып, мрамор продукциясынын наркын аныктап берүүсүн тапшырды. Аймактарга ишкана ачып, жумуш орундарын түзүп, мамлекетке салык төлөп жаткан ишкерлер ар тараптан колдоого алынарын белгиледи төрага. Ошондой эле ал, - ишкерлерди Жогорку Кеңештин төрагасынын астындагы Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңешине мүчө болуп өтүүгө чакырды.

"Ишкерлер маселесин көтөрүп, ар кайсы эшикти каккылабай азыр президентке, Жогорку Кенешке, өкмөткө түз кайрылууга мүмкүнчүлүк бар. Анткени, бул бийлик бутактарында ишкерлерди колдоп алардын маселесин ыкчам чечүүчү атайын уюмдар түзүлгөн", - деди төрага Дастанбек Жумабеков.

Айта кетсек цехте 30дан ашуун адам иштеп, 30 000 сомдун тегерегинде айлык алышат. Мрамор продукциясын чыгарган цехтин жанына ишкерлер заманбап, ЕАЭБдин талаптарына жооп берген мал соючу жай куруп баштаган. Мындай мал союучу жай өз убагында курулуп жатканын жана ал ар кандай жугуштуу оорулардын алдын алууга көрүлгөн аракет, - деди парламент спикери.

Андан соң төрага баштаган депутаттар Юсупов айыл аймагындагы 60 орундуу бала бакчанын курулуш иши менен таанышты. Курулушка 6 млн. сом бөлүнүп, дубалы көтөрүлүүдө. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү калган каражатты бөлүп берүүнү өтүнүштү.

"Мындай бала бакчаларды куруу - бул өкмөттүн ийгилиги. Аткаруу бийлиги минтип элге кол сунуп жатканы ырааттуу иштин далили. Ушул тапта аймактарга көптөгөн бала бакчалар курулууда. Кечээ Жалал-Абадда курулуп жаткан 3 бала бакчаны көрдүк. Эми баштаган ишти аягына чыгаруу керек. Бул бакчага да эмки жылдын бюджетинен акча карап, 2020-жылдын сентябрына колдонууга берип калсаңар жакшы болмок", - деп жыйынтыктады өз сөзүн төрага.

Ушул сааттарда Араван райрнунун борборунда төрага Дастанбек Жумабеков, депутаттар Т. Зулпукаров, И. Гайпкулов, И. Маннанов, Ө.Бакиров эл менен жолугушуп, андагы көйгөйлүү маселелерди кызуу талкуулашууда.

Пикир

Оставить комментарий