Төрага Жумабеков ЕККУнун программалык кеңсесинин башчысы Арксты кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.06.19. /Кабар/. Бүгүн, 14-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеӊсесинин башчысы Пьер фон Арксты кабыл алды.

Жолугушууда Төрага Дастанбек Жумабеков парламентаризм институтун жана парламенттик демократияны өнүктүрүүдө, андан тышкары, ЕККУ ПАнын отурумдарына депутататтардын жигердүү катышуусун камсыздап, аталган уюмдун алкагында бардык иш-чараларды натыйжалуу уюштурууда ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесине салымы зор экенин билдирди.

Ошондой эле Төрага Кыргызстан парламенттик-демократиялык өнүгүү жолун тандап алган өлкө катары парламенттик башкаруу түзүмүн сактоого жана өнүктүрүүгө өзгөчө күч жумшарын белгиледи. Муну менен катар өлкөнүн демократиялык инфратүзүмү улуттук мыйзамдарга жана эл аралык укуктук нормаларга негизделгенин кошумчалады.

Мындан сырткары, Дастанбек Жумабеков натыйжалуу демократиялык кайра куруу эл аралык коомчулуктун колдоосуна муктаж экенин айтып, Кыргызстандагы парламентаризмдин жана демократиянын мындан аркы өнүгүшүнө көмөктөшүүгө чакырды.

Муну менен бирге Төрага Кыргызстан ЕККУ менен парламенттик демократияны өнүктүрүү багытында гана кызматташпастан, коррупцияга каршы күрөшүү, аймактагы коопсуздукту бекемдөө, шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүү жаатында да кызматташууга кызыкдар экендигин белгиледи. Айрыкча Жогорку Кеңештин депутаттарынын ЕККУга мүчө мамлекеттердеги шайлоолорго байкоочу катары катышуусу тажрыйба алмашууга өбөлгө болорун айтып, кыргыз парламентинин делегациясын шайлоолорго байкоо салуучу ЕККУнун миссиясына туруктуу мүчө катары иш алып баруусуна каржылык көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн караштырууну өтүндү.

Сөз соңунда Төрага Дастанбек Жумабеков Пьер фон Аркс жетектеген ЕККУнун Программалык кеңсеси менен кызматташуу маанилүү мааниге ээ экенине токтолуп, мындан ары да коомду демократиялаштыруу, саясий реформаларды жана аймактарды өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууга багытында тыгыз иштерди жүргүзүүгө кызыкдар экендигин кошумчалады. Ошондой эле Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы менен да тыгыз иш алып барып жаткандыгы үчүн Пьер фон Аркска ыраазычылык билдирген Төрага, бул тажрыйбаны дагы да улантууга чакырды.

Өз кезегинде Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеӊсесинин башчысы Пьер фон Аркс жылуу кабыл алгандыгы үчүн Төрага Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдирди. Муну менен катар Кыргызстан адам укугун коргоонун деңгээли жана парламенттин коомдогу ролунун жогору экенине байланыштуу өзгөчөлөнүп турарын айтып, ЕККУ Жогорку Кеңеш менен болгон кызматташтыкты жигердүү улантууга басым жасарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий