Төрага Жумабеков Талас облусуна иш сапар менен барды

Аймак 0

Бишкек. 25.03.19 /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Талас облусундагы иш сапарынын алкагында Кара-Буура районундагы бир катар жалпы билим берүү мекемелеринин курулушунан кабар алды.

Алгач Жумабеков Кара-Буура районунун Молдо-Асан айылында жайгашкан 225 орундуу Шамратбеков атындагы жана Көк-Дөбө айылында жайгашкан 150 орундуу Шыйкымбаев атындагы мектептердин курушу менен таанышты.

Белгилүү болгондой аталган мектептердин имараттарынын бүткөрүлүшү үчүн республикалык бюджеттен дагы 23 жана 20 миллион сомдон бөлүнүшү керек. Аны менен катар, спорттук залдарынын курулушун да каржылоо зарылчылыгы бар. Тагыраагы, аларды куруу үчүн ар бир мектепке дагы кошумча 10-11 миллион сом бөлүү кажет.

Төрага ушул жылы былтыркыдай эле алыскы райондордун инфраструктурасын жакшыртуу иштери улантылып, жаңы мектеп, спорттук мекемелер ачылып, көпүрөлөр, жолдор, каналдар, ооруканалар оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатканын билдирди.

Ошондой эле Жумабеков Кара-Буура районундагы аталган эки мектеп жаңы окуу жылында пайдаланууга берилиши керектигин белгилеп, курулуп жаткан мектептерге бештен компьютерди белекке берди. Андан тышкары жергиликтүү тургундар төрагадан бала бакчанын курулушу жана мобилдик байланыштын начардыгы өңдүү маселелерди чечүүгө көмөктөшүүнү өтүнүштү.

Белгилей кетсек, Жумабековдун Талас облусундагы иш сапарын депутаттар Гүлкан Молдобекова, Зарылбек Рысалиев, Кенжебек Бокоев жана кмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев коштоп жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий