• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Төрага Жумабеков Вячеслав Володин менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 09.10.18. /Кабар/. 8-октябрда Түркияда өткөн Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын III жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Анда РФ Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин Жогорку Кеңештин делегациясы менен жолугушканына кубанганын билдирди. Себеби, эки өлкөнүн парламент өкүлдөрү парламенттер аралык уюмдардын алкагындагы байланыштарды ар дайым колдоп келет.

Ошондой эле Вячеслав Володин эки тараптуу алаканын динамикалуу түрдө өнүгүп жатканын белгилеп. “Биз эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдарбыз. Жакынкы аралыкта Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) жыйыны өтөт. Жыйынга кыргыз парламентинин өкүлдөрүнүн да катышуусун күтөбүз. Мындай жолугушуулар эки өлкө ортосундагы дипломатиялык алаканы жана кызматташтыкты жаңы баскычка көтөрөрү бышык. Биз, эки тараптуу мамилени баалап жана бекемдөөбүз абзел. Андан тышкары, парламенттеги тармактык комитеттердин ортосундагы калыптанган жигердүү байланыштарды да колдойбуз. Бул сыяктуу алакалар абдан натыйжалуу”,–деди Вячеслав Володин.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын жыйыны актуалдуу делген айрым маселелерди чечүүдө жана пикир алмашууда маанилүү парламенттер аралык аянтча болуп берерин белгиледи. Айрыкча, Россия тарап Евразия аймагындагы парламенттер аралык байланышты чыңдоого зор салым кошконун кошумчалады.

“Ар жылы өтүүчү Евразия өлкөлөрүнүн парламент өкүлдөрүнүн жыйыны парламенттер аралык мамиленин эки жактуу жана ар тараптуу өнүгүшүн шарттаган салттуу иш-чарага айланат деген үмүттөмүн”, – деди Төрага Дастанбек Жумабеков.

Андан тышкары Төрага Кыргызстан бардык пикирлерди эске алуу менен эки тарапка ыңгайлуу, тең укуктуулук принцибине таянган ар тараптуу жана тең салмактуу мүнөздөгү тышкы саясатын жүргүзүп жатканын билдирди. “Кыргызстан коңшулаш жана стратегиялык өнөктөш мамлекеттер менен ар тараптуу алаканы өнүктүрүүгө жана чыңдоого өзгөчө маани берет. Айрыкча, кыргыз-орус мамилелелери стратегиялык өнөктөш жана союздаш мүнөзгө ээ экенин баса белгилегим келет. Жетишилген саясий диалог жана эки тараптуу мамиле биздин кызматташуубуздагы бардык маселелерди натыйжалуу чечүүгө шарт түзөт”, – деп билдирди Дастанбек Жумабеков.

Ошондой эле Төрага: “Парламенттер аралык кызматташуу биздин өлкө үчүн маанилүү болгон кыгыз-орус алакасынын мындан аркы мамилелерин бекемдөөгө жана кеңейүүгө көмөкчү болот”, – деди.

Белгилей кетсек, азыркы учурда Жогорку Кеңеш менен Федералдык Жыйын ортосундагы байланыш Парламенттер аралык комиссиянын жана тармактык комитеттердин биргелешкен жыйындарынын алкагындагы өнүгүп келет.

Пикир

Оставить комментарий