• 86.96
  • 91.03
  • 0.84

Түрк куткаруучулары тажрыйба алмашуу үчүн Кыргызстанга келишти

Коом 0

Бишкек, 14.12.24. /Кабар/. Түрк куткаруучулары тажрыйба алмашуу үчүн Кыргызстанга келишти.

Ведомстводон билдиришкендей, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ишмердүүлүгү менен тааныштыруу максатында ӨКМ министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов Түркиянын Ички иштер министрлигинин AFAD Кырсыктарга каршы аракеттенүү жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу башкармалыгынын башкы директору, доктор Садин Эргин жетектеген AFAD түрк делегациясы менен жолугушту.

Ошондой эле түрк куткаруучулары Кыргызстанга жасалган иш сапарынын алкагында ӨКМге караштуу мекемелердин ишмердүүлүгү, өзгөчө кырдаалдарга, кырсыктарга каршы аракеттенүү иштери менен таанышты.

Белгиленгендей, ККББ менен таанышуу учурунда Азамат Мамбетов эки тараптуу кыргыз-түрк кызматташтыгынын актуалдуу маселелерине, өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга, Жарандык коргонуу кызматтарынын өз ара аракеттенүүлөрүнө жана тажрыйба алмашуунун натыйжалуулугуна токтолду.

Өз кезегинде Сади Эргин кыргыз элинин меймандостугуна белгилеп, өткөн жылы Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуда кыргыз куткаруучуларынын эмгегине ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен кызматташуу жогорку деңгээлде экенин белгилеп, мындан ары да кызматташууга даяр экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий