ТМУга мүчө мамлекеттер Чыгыш менен Батышты бириктирген энергетикалык, транспорттук борборго айланууда

Экономика 0

Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттер Чыгыш менен Батышты бириктирген энергетикалык жана транспорттук борборго айланууда. Ошону менен бирге Улуу жибек жолу кайрадан актуалдуулугу болуп жатат. Бул тууралуу Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан Түрк тилдүү мамлекеттердин экинчи бизнес-форумунда билдирди.

Өмүралиев бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу, салык тарифтерин төмөндөтүү жана бажы коридорлорун ачуу аркылуу экономикалык байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн айтты.

"Бүткүл дүйнөдө экономиканы жеке бизнес өнүктүрүп, мамлекет бизнести өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүп берет, анын ичинде Түрк мамлекеттер уюму алкагында транспорт, логистика, эркин соода, электрондук коммерция тармактарында долбоорлор бар. Биз жана мамлекеттер мындай нерселерди эки тараптуу жана көп тараптуу форматта алдыга жылдырышыбыз керек", - деп баса белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий