• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

Түрк мамлекеттери банктык ассоциациялар кеңешин түздү. Ал эмне кылат?

Коом 0

Бишкек, 07.11.22. /Кабар/. Түрк мамлекеттеринин банк ассоциациялары кызматташтык келишимине кол коюу менен Кеңешти түзүшкөн. Бул тууралуу Кыргызстандын банктар биримдигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кол коюу аземи Стамбулда өттү. Ага Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Түркиянын банк ассоциациялары катышты.

"Банктык ассоциациялар кеңеши түрк мамлекеттеринде санариптик банкинг жана төлөм системаларын өнүктүрүүгө көмөктөшөт, ошондой эле өлкөлөргө ар кандай тобокелдиктер менен күрөшүүгө жардам берет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий