Бишкек, 06.11.24. /Кабар/. Бишкекте өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын саммити аймакта экономиканы тегиз өнүктүрүү, санариптик техниканы, инновациялык технологияларды колдонууда коопсуздукту камсыздоо маселесине арналган. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине тaрыx илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов билдирди.
Анын айтымында, президенттердин акыркы кезде татаалдашып бара жаткан маселелерди биргелешип чечүү ниет менен Бишкекте чогулуп жатышы жакшы көрүнүш.
“Түрк мамлекеттеринин уюмунун келечеги абдан жакшы болууга тийиш, себеби түрк мамлекеттеринин маданияты, тили жакын, тарыхы орток. Мындай ортоктук, ортодогу тууганчылык сезимдерибиз жандуу болгондон кийин түрк мамлекеттери кол кармаша, бири-бирине жардам бере алгаласа, анда чоң күчкө айланат. Бирок, түрк мамлекеттеринин уюмун кандайдыр бир дүйнөдөгү кайсы бир күчкө каршы чыга турган, алар менен тең тайлашып, же алардан ашуу аракетин көздөгөн күч деп эсептөөгө болбойт. Азыр алдыдагы максаттарды уюштуруу, ага жетүү үчүн жол издөө маселелери чечилип жаткан кез. Келечекте Түрк мамлекеттер уюму түрк тилдүү элдердин мамлекеттеринин биримдигин чыңдап, жалпы күчтөрдү бириктире турган, өлкөлөрдүн өнүгүү потенциалын мындан да арттыра турган уюмга айланат деп болжолдосо болот”, - деди Сулайман Кайыпов.
Эске салсак, Советтер союзу тарагандан кийин жаңы түрк мамлекеттери түзүлүп, алардын ортосундагы байланыштар жаңы принциптердин негизинде өнүгө баштаган. Бул Түрк мамлекеттерин бириктирип, алардын ортосундагы алакаларды түзүүдө Түркия Республикасынын орду чоң.
Алгачкылардан болуп Түркия башка түрк өлкөлөрүнөн интеллигенттерди, окумуштууларды, саясатчыларды чакырып, жыйындарды өткөрүп, түрк дүйнөсүнүн бир экендигин, маданиятыбыз, тилибиз окшош, тарыхыбыз бирдей экенин кайрадан айтып, түрк элдеринин бири-бирине жакындоосун, мамлекеттердин ортосундагы экономикалык, маданий алакалардын өнүгүшүн жаңы жолго коюу аракети жасалган.
“Биринчиден маданий байланышты өнүктүрүү, маданиятыбызды таанытуу максатында ТҮРКСОЙ уюму түзүлгөн. Маданий мурастарыбызды өнүктүрөлү, аларга каржылык жардамдарды көрсөтөлү деп атайын фонд да негизделген. Кийин ТҮРКПА деп аталган Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясы түзүлдү. Ошентип отуруп 2009-жылы Азербайжан, Түркия, Казакстан жана Кыргызстан мүчө болгон Түрк мамлекеттеринин кеңеши же Түрк кеңеш биримдиги түзүлгөн. Кийин бешинчи болуп Өзбекстан кошулуп, Түрк кеңеш аты өзгөрүлүп, Түрк мамлекеттеринин уюму деп аталды”, - дейт Кайыпов.
Анын пикиринде, Түрк мамлекеттеринин уюму түзүлгөндөн кийин дүйнө саясатчыларында түрк мамлекеттери кандай принципте биригет, кандай күчкө айланат, экономикасы кандай болот, дүйнөнүн кайсы күчтөрү менен тең тайлаша алат деген суроолор жаралган.
“Бирок Түрк мамлекеттери кайсы бир учурларга каршы туруу максатын көздөбөгөндүгү көрүнүп турат. Түрк мамлекеттери жөн гана өз ара экономикалык, маданий, саясий байланыштарын чыңдап, алакаларды өнүктүрүп, туугандык негизде бири-бирине жардам берүүнү көздөй тургандыгы бүгүнкү күндө да далилденүүдө”, - дейт Сулайман Кайыпов.
Маалым болгондой, бүгүн Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун кезектеги XI саммити өтөт. Уюмга кирген жана байкоочу өлкөлөрдүн лидерлеринин катышуусунда өтө турган жыйындын жыйынтыгында Бишкек декларациясы кабыл алынуусу күтүлүүдө.
Пикир
Оставить комментарий