• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Түрк мамлекеттеринин саламаттык сактоо министрлери биргелешкен декларацияга кол коюшту

Коом 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. Күн мурун Азербайжандын Шуша шаарында Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин IV жыйынынын алкагында биргелешкен декларацияга кол коюлду.

КР Саламаттык министрлигинен билдиришкей, документ саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөгө, анын ичинде дары-дармектерди, медициналык жабдууларды камсыздоонун бирдиктүү системасын түзүүгө, "Түрк фармакопеясын" жана органдарды трансплантациялоону координациялоо боюнча "TÜRKTRANSPLANT" долбоорун өнүктүрүүгө багытталган.

Тараптар ошондой эле онкология, фармацевтикалык коопсуздук, медициналык туризм жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жаатында кызматташууну бекемдөөнү макулдашты. Биргелешкен долбоорлор медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга жана катышуучу өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо тутумдарынын глобалдык чакырыктарга туруктуулугун жогорулатууга багытталат.

ТМУга мүчө өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрлеринин V кеңешмеси Казакстанда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий