• 87
  • 90.63
  • 0.79

Түркия Кыргызстандын тышкы карызын кечти

Саясат 0

Бишкек, 05.11.24. /Кабар/. Түркия Кыргызстандын тышкы карызын кечти. Тышкы карыз "жашыл экономика" долбоорлоруна алмаштырылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушканда билдирди.

Мамлекет башчысы Түркиянын президентине мындай чечимди кабыл алганы үчүн ыраазычылык айтты.

Белгилей кетсек, расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстандын тышкы карызы 58,9 млн долларды түзөт.

Эске салсак, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 4-ноябрда Бишкекке мамлекеттик сапар менен келген.

Пикир

Оставить комментарий