• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Түркияда 6 кыргызстандык кызды сойкулукка мажбурлаган адамдар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.04.19. /Кабар/. Түркиянын Анкара шаарында полиция кызматкерлери 13 чет элдик кызды сойкулукка мажбурлап жүргөн адамдарды кармаган. Бул тууралуу haberler.com жазат.

Полициянын маалыматы боюнча, атайын операция 11 дарек боюнча жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында 2 тапанча, 42 патрон, 17 телефон, планшет жана 10 миң 995 лира алынган.

Чет элдиктердин арасында 6 кыргызстандык, 4 өзбекстандык жана 3 казакстандык жаран болгон. Көрсөтмө берүү үчүн аларды полиция бөлүмүнө алып кетишкен.

Пикир

Оставить комментарий