Бишкек, 14.01.20. /Кабар/. Түркияда күрөш боюнча мелдеште Грузиянын балбаны Зураб Эрбоцанашвили менен украиналык Хасан Закариевдин кармашуусу массалык мушташ менен аяктады. Бул тууралуу Р-спорт басылмасы жазат.
Массалык мушташка эки команданын өкүлдөрү жана машыктыруучулары катышкан.
Видеодо байкалып тургандай, эки балбан бири-бирин ургулап баштаган, андан соң спортчулардын командаларынын өкүлдөрүнүн ортосунда массалык мушташ башталган.
Эки балбан тең беттештен четтетилген.
Пикир
Оставить комментарий