Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 9 миңден ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 09.02.23. /Кабар/. Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 9 миң 57 адамга жетти. Бул тууралуу түркиялык "Анадолу" агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, ал эми табият кырсыгынан жабыркагандардын саны 52 миң 979 адамды түздү.

Белгиленгендей, өлкөдө кыйраган имараттардын саны 6 миң 444 деп саналууда. Учуруда издөө-куткаруу иштери уланууда.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, андан көп өтпөй эле күчү 7,6 баллга жеткен экинчи жер силкинүү орун алган. Жаратылыш кырсыгынан Түркиянын бир нече шаары кыйроого учурап, көптөгөн курмандыктарга алып келди.

Ал эми Сирияда Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинциялары жабыркаган.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Түркияда кырсыктан каза болгондор үчүн жети күндүк улуттук аза күтүү жана жабыркаган 10 провинцияда үч айлык өзгөчө кырдаал жарыялады.

Пикир

Оставить комментарий