Түркияда зилзаладан курман болгондордун саны 24,6 миңден ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 12.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 12-февралда жергиликтүү убакыт боюнча cаат 09:00гө карата (Бишкек убактысы боюнча саат 12:00) Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 24 617 адамга жетип, жабыркагандар 80 миңден аштын, деп билдирет Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев.

Дипломаттын айтымында, Кыргызстандык куткаруучулар Кахраманмараш шаарындагы урандылардын астынан 16 жаштагы баланы тирүү алып чыгууга жетишишти. Ошондой эле мурунку күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:21де 22 жаштагы кош бойлуу кыз, саат 23:30да 7 жаштагы бала тирүү куткарылды.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, андан көп өтпөй эле күчү 7,6 баллга жеткен экинчи жер силкинүү орун алган. Жаратылыш кырсыгынан Түркиянын бир нече шаары кыйроого учурап, көптөгөн курмандыктарга алып келди.

Ал эми Сирияда Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинциялары жабыркаган.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Түркияда кырсыктан каза болгондор үчүн жети күндүк улуттук аза күтүү жана жабыркаган 10 провинцияда үч айлык өзгөчө кырдаал жарыялады.

Пикир

Оставить комментарий