• 87.12
  • 94.14
  • 0.98

Түркиядагы мелдеш. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы 3-орунду ээледи

Спорт 0

Бишкек, 11.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Түркияда өткөн "Yasar Dogu, Vehbe Emre & Hamit Kaplan" аталышындагы спорттук күрөш боюнча эл аралык мелдешинин жыйынтыгы менен 3-орунду ээледи.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, атамекендик спортчулар 1 алтын жана 2 коло медалга татыды.

Биринчи орунга 166 упай менен Иран чыкса, экинчи орунду 107 упай менен Түркия, Кыргызстан 97 упай алып, 3-орунга чыкты.

Бул мелдеште Жоламан Шаршенбеков (60 кг) алтын медаль, Афтандил Таалайбек (63 кг) жана Үзүр Жусупбеков коло байге утту.

Пикир

Оставить комментарий