• 87
  • 90.41
  • 0.84

Түркиядагы Сumhuriyet университети менен ОшМУнун кызматташтыгы артат

Билим 0

БИШКЕК, 17.08.17 /Кабар/. Түркиядагы Жумхурият университетинин ректору, профессор Алим Уылдыз баштаган делегация 17-август күнү Ош мамлекеттик университетине атайын иш сапары менен келишип, университеттин ректору Каныбек Исаков менен жолугушту. Бул тууралуу ОшМУдан билдиришти.

Жолугушууда ректор конокторго Кыргызстандын билим берүү системасындагы ОшМУнун орду, университетте аткарылып жаткан демилгелер, адистиктер, жаңы структуралар боюнча маалымат берди. Сүйлөшүүлөрдүн негизинде эки окуу жай жетекчилиги университеттер ортосунда өз ара кызматташтыкты арттыруу, тажрыйба бөлүшүү, студент, магистранттарды, докторанттарды академиялык мобилдүүлүк багытында алмашуу, окутуучуларды, илимпоздордун биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, стажировкаларды уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Иш сапардын алкагында делегация ОшМУнун музейи, жаңы ачылган заманбап структуралары менен таанышып, ОшМУнун бай тарыхын камтыган видео тасманы көрүштү.

Пикир

Оставить комментарий