• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Түркиядагы жер титирөө. Кыргызстандын 8 жараны коопсуз жайга эвакуацияланды

Коом 0

Бишкек, 08.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын 8 жараны Түркиянын Адана, Кахраманмараш жана Османийе шаарларынан коопсуз жайга эвакуацияланды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Малатья шаарында Кыргызстандын тогуз жаранына жардам көрсөтүлүүдө, алардын ичинде эки бала жана кош бойлуу аял бар.

“Убактылуу жайларга жайгаштырылган кыргыз жарандары жылуу кийимдер, жууркан-төшөктөр, суу жана тамак-аш менен камсыздалды. Кырсык болгон аймактагы иштер коммуникация, интернет жана электр жарыгындагы техникалык көйгөйлөрдөн улам татаалдашууда”, - деп билдиришти ведомстводон.

Ошондой эле жабыркаган Кыргызстандын жана Түркиянын жарандары үчүн гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пункттары Анкара жана Стамбул шаарларында да ачылды.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Учурда Түркиядагы табият кырсыгынан каза болгондордун саны 7 миң 108, ал эми жабыркагандардын саны 40 миң 910 адамга жеткени кабарланды.

Пикир

Оставить комментарий