• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Түркиядагы зилзалада каза болгондордун саны 18 миңге чукулдады

Дүйнө 0

Бишкек, 10.02.23. /Кабар/. Түркиядагы зилзалада каза болгондордун саны 17 миң 674кө жетти. Бул тууралуу Anadolu агенттиги Түркиянын вице-президенти Фуат Октай билдиргенин жазып чыкты.

Анын айтымына таянсак, 72 миң 879 адам жабыркады.

“Акыркы суткада урандылардын астынан 121 адам тирүү куткарылды. Учурда 29 миң куткаруучу иштөөдө”, - дейт Октай.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, андан көп өтпөй эле күчү 7,6 баллга жеткен экинчи жер силкинүү орун алган. Жаратылыш кырсыгынан Түркиянын бир нече шаары кыйроого учурап, көптөгөн курмандыктарга алып келди.

Ал эми Сирияда Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинциялары жабыркаган.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Түркияда кырсыктан каза болгондор үчүн жети күндүк улуттук аза күтүү жана жабыркаган 10 провинцияда үч айлык өзгөчө кырдаал жарыялады.

Пикир

Оставить комментарий