• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Түркиядан белек: Бишкектеги жаңы оорукананын көрүнүшү (сүрөт)

Ден соолук 0

Бишкек, 18.01.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын кеңешчиси Елена Баялинова өзүнүн фейсбуктагы баракчасына Бишкектеги жаңы кыргыз-түрк достугу ооруканасынын сүрөтүн тартып, жайгаштырган.

Маалыматта айтылгандай, аталган борбордун курулуш иштери 15 айга созулган.

Бардыгы болуп оорукана 72 орунга ылайыкташтырылып, алардын 21и интенсивдүү терапияга багытталган. Бейтаптарды дээрлик 400 кызматкер тейлейт.

Имарат Фучик-Чүй көчөсүндө жайгашкан.

Эске сала кетсек, кыргыз-түрк достугу ооруканасы түрк өкмөтүнүн Кыргызстан элине болгон белеги болуп саналат. Анын мамлекеттик ишкана деген өзүндө макамы болот.

Пикир

Оставить комментарий