• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Түркиянын Кахраманмараш шаарына кыргыз боз үйлөрү тигилди – ӨКМ

Коом 0


Бишкек, 14.02.23. /Кабар/. Түркиянын Кахраманмараш шаарына кыргыз боз үйлөрү тигилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минитрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен жер титирөөдөн жабыркаган түрк боордошторго 120 боз үй гуманитардык жардам катары 12-13-февралда жөнөтүлгөн.

Ал эми 13-февралда өздүк курам менен биргеликте Түркияга учуп кеткен өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Кахраманмараш шаарынан бөлүнгөн тилкеге тигилген боз үйлөр шаарчасына барып, кыргыз элинен келген жардамды жергиликтүү уюштуруучуларга өткөрүп берет.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда Түркияда тигилген боз үйлөр казак элине таандык деп айтып жаткан адамдын видеосу тараган. Аталган видео соцтармактарда кызуу талкуу жаратып, кыргыз коомчулугунун нааразычылыгын туудурган.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Түркияда зилзаланын кесепетинен каза болгондордун саны 31 миң 600 адамга жетти.

Пикир

Оставить комментарий