• 87
  • 90.41
  • 0.84

Түркиянын Кахраманмараш шаарында ӨКМдин талаа госпиталы иштеп жатат

Коом 0


Бишкек, 17.02.23. /Кабар/. Түркиянын Кахраманмараш шаарында Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин талаа госпиталы жайгаштырылып, жарандарды кабыл ала баштады. Бул тууралуу ӨКМдин медициналык кызматынын башчысы Талант Наматов билдирди.

Анын айтымында, талаа госпиталында 7 адамдан түзүлгөн дарыгерлер тобу иш алып барууда. Топтун курамында медициналык кызматтын башчысы, эки хирург, эки травматолог, нейрохирург жана анестезиолог-реаниматолог дарыгерлери бар.

“Талаа госпиталына жабыркаган жарандар кайрылып жатат. Алардын ичинде мээси чайкалгандар, кан басымы көтөрүлгөндөр, денесинен жаракат алгандар бар. Биздин дарыгерлер тарабынан кайрылган жарандарга өз убагында медициналык жардам көрсөтүлүп, кеп-кеңештер берилүүдө”, - деди ал.

Талант Наматов белгилегендей, талаа госпиталы күнү-түнү иш алып барууда жана дары-дармектердин саны жетиштүү.

"Дары-дармектердин бардыгы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Кыргызстандан алынып келген. Бир айга жетчү дары-дармектердин запасы бар”, - деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, андан көп өтпөй эле күчү 7,6 баллга жеткен экинчи жер силкинүү орун алган. Жаратылыш кырсыгынан Түркиянын бир нече шаары кыйроого учурап, көптөгөн курмандыктарга алып келди.

Ал эми Сирияда Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинциялары жабыркаган.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Түркияда кырсыктан каза болгондор үчүн жети күндүк улуттук аза күтүү жана жабыркаган 10 провинцияда үч айлык өзгөчө кырдаал жарыялады.

Пикир

Оставить комментарий