• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Түркиянын жээктеринде 80ден ашуун афганистандык мигрант куткарылды

Дүйнө 0

Бишкек, 03.07.23. /Кабар/. Түркиянын жээктеринде 80ден ашуун афганистандык мигрант куткарылды, деп билдирет Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги.

Маалыматка ылайык, афганстандык мигранттар түшкөн үйлөмө кайыктар Греция тараптан суу аркылуу Түркияны көздөй жөнөтүлгөн.

Түркиянын түндүк-батышындагы Чанаккале провинциясынын Айважык районунун жээгиндеги Эгей деңизинде жалпы 84 мыйзамсыз мигрант куткарылды.

1-июль күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:50дө Түркиянын Жээк коопсуздук кызматы Айважык аймагынын жээгинде качкындар салынган үйлөмө кайык бар деген билдирүү алган.

Аталган маалыматтан кийин окуя болгон жерге Түркиянын Жээк коопсуздук кызматынын TCSG-6 катери жөнөтүлгөн.

Операциянын натыйжасында 37 адам аман калган.

Экинчи билдирүү ошол эле күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:24тө келип түшкөн. Белгиленген аймакка КB-20 жана КB-4304 кайыктары менен куткаруучулар барып, алар 47 мыйзамсыз мигрантты куткарып калууга жетишкен.

Тиешелүү процедуралардан өткөндөн кийин мыйзамсыз жүргөн 84 мигранттын баары жергиликтүү миграция бөлүмүнө жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий