• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Түркмөнстан Кытайга экспорттолгон газдын көлөмүн көбөйтүүгө ниеттенүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. Пекиндеги кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышына барган Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен жолукту. Бул тууралуу Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги (TDH) кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн энергетика тармагындагы кызматташуусунун келечегин талкуулады. Түркмөн президенти "Борбор Азия — Кытай" газ куурунун төртүнчү (D) бутагын куруунун эсебинен Кытайга жаратылыш газынын экспортун көбөйтүүгө ниеттенип жатканын билдирди.

Аталган газ түтүгүнүн "А", "В" жана "С" бутактары 1830 чакырымга созулат жана жылына 55 миллиард куб метр газ өткөрүүгө жөндөмдүү. Бул газ кууру аркылуу жаратылыш газы Түркмөнстандан, Өзбекстандан жана Казакстандан Кытайга экспорттолот.

Кытайдын Улуттук газ корпорациясынын маалыматына ылайык, газ түтүгүнүн курулуп жаткан төртүнчү бутагы Борбор Азиядан Кытайга жеткирилип жаткан жаратылыш газын жылына 30 млрд куб метрге чейин көбөйтөт.

"Борбор Азия — Кытай" газ куурунун төртүнчү бутагы Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстан аркылуу өтөт. Бүгүнкү күндө анын Тажикстандагы бөлүгүнүн курулушу башталганы кабарланууда. Газ куурунун жалпы кубаттуулугу 85 млрд куб метрди түзөт.

2021-жылы июль айында Кытай газдын 1000 куб метри үчүн Түркмөнстанга 238 доллардан төлөп жатканы кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий