Бишкек, 01.11.19. /Кабар/. Түркмөнстан президенти шаардык балдар үйүнүн тарбиялануучуларына велосипеддерди белекке берди. Балдарга түркмөн лидеринин белегин 30-октябрда өкмөт мүчөлөрү, коомдук уюмдардын жетекчилери жана жогорку окуу жайлардын ректорлору тапшырышты.
Иш-чара жапырт веложүрүш менен аяктады. Ага балдар үйүнүн тарбиялануучулары менен катар спортчулар, студенттер жана чиновниктер катышты.
Түркмөнстанда велоспорт мамлекеттик деңгээлде белгиленет, демилгечи – өлкөнүн президенти Гурбангулы Бердымухамедов. Веложүрүштөргө жыл сайын миңдеген кишилер катышат. Алар велосипед жана спорттук кийимдерди өз эсебинен алышат.
Бул тармакта Түркмөнстан эки жолу Гиннестин рекорддор китебине кирген.
Пикир
Оставить комментарий