• 87
  • 90.41
  • 0.84

Түркмөнстан түндүгүндө прокуратура кызматкерлерине кымбат унаа айдоого тыюу салынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.12.18 /Кабар/. Түркмөнстандын Дашогуз облусунда прокуратура кызматкерлерине кымбат унааларды колдонууга оозеки түрдө тыюу салынды. Бул тууралуу centralasian.org сайтынын түркмөн кызматы билдирди.

Редакциянын атын жарыялагысы келбеген булагы көрсөтмө 3-4 ай мурун түшкөнүн айтты:

– Мындан кийин прокуратура кызматкерлери кымбат баалуу унааларын сатышты. Айрымдары машинелерин туугандарына кайра каттатты. Ошентсе дагы алар кымбат унааларды айдап жүргөндөн кооптонушууда.

Анын айтымында, прокуратура кызматкерлери Toyota Pathfinder же Toyota Highlander жол тандабастарын колдонушат. Дээрлик баары жаңы унааларды айдашат.

Бул боюнча расмий бийлик өкулдөрүнөн комментарий жок.

Түркмөнстанда бир нече жылдар бою мамлекеттик кызматкерлердин жана чиновниктердин жеке автотранспорт колдонушуна тыюу салынган же чектөө киргизилген. 2017-жылы ички иштер органдарынын кызматкерлерине жалаң ак түстөгү унаа айдоого буйрук берилген.

Пикир

Оставить комментарий